Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-апрели №22/2
Кара-Кулжа районунун 2011-жылга бекитилген бюджетинин 2011-жылдын жыйынтыгынын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө
Кара-Кулжа районунун 2011 жылга бекитилген бюджетинин 2011-жылда жыйынтыгынын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндөгү депутаттардын Кара Кулжа райондук кеңешинин төрагасы А. Ыдырысовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын райондук Кеңешинин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын сунушун эске алып депутаттардын Кара-Кулжа райондун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районунун 2011-жылга бекитилген бюджетинин 2011 жылдын жылдык бюджетинин кирешелер бөлүгү 60 826,6 мин сомго, чыгаша болуп 58 143,3 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.(№1, №2 тиркемелер тиркелет)
2. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акимд) резервдик фонду 2011-жылдын жылдын жыйынтыгы менен 513,7 мин сом аткарылгандыгы белгиленсин. ( №3 тиркеме тиркелет).
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен кошумча келип түшкөн акча каражаттарынын аткарылышы бекитилсин. (№4-тиркеме тиркелет)
4. Райондук жергиликтүү бюджетте турган мекеме уюмдардын статьялард статьяларга ылайык №5 тиркеме ылайык жылдырылсын.(№5 тиркеме тиркелет)
5. Райондук аймагында бюджете турган мекеме-уюмдарга берилген акча каражаттарынын өз максаттарына жумшалышын туруктуу көзөмөлгө алуу жагы райондук финансы бөлүмүнүн жетекчилигине, ал эми салык өндүрүүнү денгээлинде жолго коюу жактары райондук салыктар жана жыйымда башкармалыгына милдеттендирилсин.
6. Мугалимдердин эмгек акыларынын өз убагында берилишин камсыз кылу айылдык округдардын башчыларына, ал эми анны камсыз кылууну көзөмөлдөө жагы райондук финансы бөлүмүнө (С.Толонов) милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңешти социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сакто коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иште социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономи жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (З. Шалтаков) жана райондук Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
А. Ыдырысов
|