Редакцияот 13.02.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) XX сессиясынын заседаниесинин

 

2012-жылдын 13-февралы №20/1

Депутат Тургунов Ибайдулла Хабибуловичтин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жана Рахимов Жумабайга депутаттык ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын: шайлоо жөнүндө'' Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пунктуна ылайык, ошондой эле Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 31-январындагы №21 токтомунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Тургунов Ибайдилла башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу депутаттардын. Кара-Суу шаардык кеңешининдеги депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Беш мандаттуу- №3 Токтогул шайлоо округунан депутат Рахимов Жумабай Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты болуп эсептелсин.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Т. Ю. Алиев