Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-февралы №20/7
Комиссия түзүү жөнүндө
Кара-Суу шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, мыйзамсыз салылган обьектилерди иретке келтирүү; ошондой эле көрктөндүрүу жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу максатында, ошондой эле депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кара-Суу шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, мыйзамсыз салынган обьектилерди иретке келтирүү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн төмөңдөгү курамда комиссия түзүлсүн:
1. Осмоналиев Ш.- Кара-Суу шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы.
2. Исмаилов С. Кара-Суу шаардык муниципалдык менчик департаментинин директору.
3. Кадыралиев Э. - Кара-Суу шаар мэриясынын курулуш иштери боюнча жетектөөчү адиси.
4. Мамытов 3. - Кара-Суу шаардык архитектура башкармалыгынын башчысы.
5. Мамадалиев А.-Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты:
6. Юсупов 3. - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты.
7. Изакеев С. - РИИБнүн. Кара-Суу шаарынын участкалык инспектору.
8. Хатамов Р. -"Мехнат" АКнун директору.
9. Шамшиев А.- "Кара-Суу таза суу" муниципалдык ишканасышын директорунун милдетин аткаруучу.
10. Ниязов М. - райондук экология бөлүмүнүн адиси.
11. Бекмурзаев 3. - Кара-Суу райондук СЭС бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
2. Аткарылган иштер боюнча аталган комиссиянын Отчету 2012-жылдын II-кварталында угулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы комиссиянын төрагасы Ш.Осмоналиевке жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Ю. Алиев
|