КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) XX сессиясынын заседаниеси
2012-жылдын 13-февралы №20/8
Кара-Суу шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлерди аукцион аркылуу ижарага берүү жана түз сатуу жолу менен сатууну убактылуу токтотуп туруу жөнүндө
Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин 2011-жыл 29-декабрындагы №19/11 токтомунун 2-пунктун аткарылышын камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаарынын мэриясына Кара-Суу шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлер инвентаризация кылынып бүткөрүлгөнгө чейин, муниципалдык жерлерге аукцион (ижарага берүү, сатуу) жана түз сатуу жолу менен сатууну эки айлык мөөнөткө токтотуп туруу милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу шаарынын мэриясына жана жер участокторуна укуктарды берүү, курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун атарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин курулуш, коммуналдык чарба, энергетика, турак-жай жана жер маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы | Т. Ю. Алиев |