Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 526 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 683 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жарандык авиация Кыргыз Республикасынын бирдиктүү транспорт системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана калктын аба менен жүк ташуулардагы муктаждыктарын өз учурунда, натыйжалуу жана сапаттуу канааттандырууну камсыз кылууга чакырылган.
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын кызматкерлеринин дисциплинардык уставы Кыргыз Республикасынын аэропортунда жана аба мейкиндигинде тикеден-тике кызмат көрсөтүү учурунда аэронавигациялык тейлөөнү камтуу менен тартипти жана коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү кырдаалдарды болтурбоо, аба кемесиндеги кыймылдын коопсуздугун, ташылуучу жүктөрдүн жана башка ишенип берилген мүлктүн сакталышын жогорку деңгээлде уюштуруу максатында иштелип чыкты.
2. Бул Устав Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына негизденип, аба транспорт кызматкерлеринин эмгек тартибин жана мындай шарттарды бузган учурларда дисциплинардык чараларды көрүүнүн өзгөчө шарттарды аныктайт.
3. Бул Устав Кыргыз Республикасынын жарандык авиацияларынын ишканаларынын, мекемелеринин, уюмдарынын жана окуу жайларынын бардык кызматкерлерине алардын уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан жайылтылат.
4. Аба транспортунун кызматкерлеринин эмгек тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген аба транспортунда колдонуучу тартиптерди, эрежелер менен ченемдерди сактоодон Кыргыз Республикасынын жарандык авиацияларынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын жетекчилеринин (иш берүүчүлөрүнүн) (мындан ары - жетекчи) буйруктары менен көрсөтмөлөрүн, ошондой эле эмгек келишимдеринде, кызмат нускамасында жана жазма буйруктарында каралган милдеттерин аткаруудан турат.
5. Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, кол жүктөрдү жана башка ишенип берилген мүлктү өз убагында ташууну сапаттуу уюштурууга, аба кемелеринин учуусунун коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшүүгө;
б) кызматтык жана кызмат ордунун милдеттерин так жана өз убагында аткарууга;
в) жүргүнчүлөргө жогорку маданияттуу кызмат көрсөтүү менен аларга кам көрүүгө;
г) мамлекеттик жана коммерциялык сырды сактоого;
д) аба транспортунун техникалык каражаттарын сактоого, ошондой эле жарандык авиациянын жабдууларын, материалдарын жана объектилерин сактоого, ташылуучу жүктөрдүн, кол жүктөрдүн жана башка ишенип берилген мүлктүн сакталышын камсыз кылууга, аларды уурдоо учурларын алдын алууга жана болтурбоого чара көрүүгө;
е) эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эрежелерди жана ченемдерди аткарууга;
ж) ушул Уставдын талаптарын билүүгө жана аткарууга.
6. Жетекчи төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) кызматчылардын жогорку эмгек тартибин камсыз кылууга, алардын кызматтык милдеттерин жана тапшырылган иш үчүн жоопкерчилигин сезүүлөрүн өнүктүрүүгө жана колдоого, учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздук иштеринин сапатын жакшыртууга жана жогорулатууга багытталган карамагындагы жумушчулардын демилгелерин колдоого;
б) учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл буруу менен, кызматчылардын ишин туура уюштурууга, буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү так берүүгө, алардын өз убагында жана так аткарылышын текшерүүгө;
в) үнөмдөө режимин сактоону, финансылык тартипти сактоону жана келишимдик милдеттенмелерди аткарууну, материалдык ресурстарды сарамжалдуу жана натыйжалуу колдонууну камсыз кылууга;
г) эмгек тартибинин деңгээлин жогорулатууга көңүл бурууга, кадрлардын алмашуусун жана иш убактысын текке кетирүүнү кыскартууга жетишүүгө, кызматы боюнча өзгөчөлүнгөн жумушчуларды сыйлоого, эмгек тартиптерин бузгандарга катуу жаза көрүүгө, кызматкерлердин суроо-талаптарына жана муктаждыктарына камкор мамиле кылууга;
д) кызмат учурунда жана андан сырткары кызматтык милдеттерин аткарууда ак ниеттүүлүк мамиле, ошондой эле татыктуу жүрүм-турум менен үлгү көрсөтүүгө.
7. Формалык кийим кийүү белгиленген кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда формалык же атайын, өндүрүштүк кийимдерди кийүүлөрү керек.
8. Жарандык авиация кызматкерлери кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы, иштин сапатын жакшырткандыгы, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулаткандыгы, наваторлугу, демилгеси, эрдик көрсөткөндүгү, кынтыксыз жана узак убакыт иштегендиги үчүн, ошондой эле төмөнкүлөр үчүн сыйланышат:
а) учуу коопсуздугуна коркунуч келтирүүлөрдүн бетин ачуу жана алдын алуу (авиациялык кырсыктардын алдын алуу ж.б.), эгерде бул түздөн-түз кызматтык милдетине кирбесе;
б) авиациялык кырсыктардын анык коркунучун алдын алуу, эгерде бул учурда жогорку кесипкөйлүк жана каармандык көрсөтсө;
в) коопсуздукка жана учуулардын үзгүлтүксүзүгүнө же адамдар үчүн коркунуч келтирүүчү жана жарандык авиациянын объектилеринин иштешине таасир этүүчү коркунучту жоюу же өндүрүштүк кырсыктардын, же өзгөчө жагдайдын кесепетин жок кылуу.
9. Кызматчыларга сыйлыктардын төмөнкү түрлөрү колдонулат:
а) алкыш жарыялоо;
б) акчалай сыйлыктар (сыйакы);
в) баалуу белектер менен сыйлоо;
г) ведомстволук ардак грамота менен сыйлоо;
д) Кызматкерге иштеги ийгиликтери үчүн эстелик белгилерин берүү жана акчалай сыйлыктарды төлөө менен "Кесиби боюнча чыгаан" деген наамды ыйгаруу;
е) коллективдүү келишимде каралган, сыйлыктар;
ж) разрядын, классын, квалификациясын же кызматын жогорулатуу;
з) мурда колдонулган дисциплинардык жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салуу.
Сыйлоолордун бир нече түрүн бир мезгилде колдонууга жол берилет.
10. Өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн кызматчылар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына белгиленген тартипте көрсөтүлөт.
11. Кызматкерлерди сыйлоонун тартиби:
а) сыйлоолор кызматкерди кызматка алууга укугу бар жетекчи тарабынан жүргүзүлөт. Жетекчи коллективдүү келишимде каралган, сыйлоонун башка түрүн колдоно алат;
б) оозеки алкыш жарыялоо жана сыйлоо жөнүндө расмий өтүнүч кылууга ар бир жетекчинин укугу бар;
в) иштеги ийгиликтери үчүн "Кесиби боюнча чыгаан" деген наамды ыйгаруу Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин буйругу менен жүргүзүлөт.
12. Жогору турган жетекчи өзүнөн төмөн турган жетекчиге караган кызматчыларды сыйлоо укугун колдоно алат.
13. Сыйлоо буйрук менен жарыяланат, кызматчынын эмгек китепчесине жана өздүк ишине жазылат.
14. Кызматкердин тартипти бузуусу дисциплинардык жорук болуп саналат.
Ар бир дисциплинардык жорук үчүн бир гана дисциплинардык жаза колдонушу мүмкүн.
15. Дисциплинардык жазанын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
а) эскертүү;
б) сөгүш;
в) тийиштүү негиздер боюнча иштен бошотуу.
16. Дисциплинардык жорук жасаган кызматкерге технологиялык тартипти бузгандыгы, пайдаланууну, учуулар өндүрүшүн, аба кыймылын башкаруунун, авиациялык коопсуздукту камсыз кылууну, аэродромдук радиотехникалык жана метеорологиялык камсыздоону жөнгө салуучу технологиялык тартибин, атайын ченемдик укуктук актыларды, башка ченемдик документтерди бузгандыгы же аткарбай койгондугу үчүн төмөнкүдөй дисциплинардык жазалар колдонулат:
а) аба кыймылын тейлөө укугунан ажыратуу, алты ай мөөнөткө чейин учууларды аткаруу аба кыймылын башкаруу боюнча авиадиспетчердик кызматкерге, учуучу курамга жана борткоштоочуларга гана колдонулат.
б) аба ташууларындагы тейлөө чөйрөсүндө иштеген инженердик-техникалык жумушчуларды жана жер бетинде кызмат өтөгөн жумушчуларды үч айлык мөөнөткө чейин аз акы төлөнүүчү жумушка которуу;
в) аэропорттун, авиакомпаниянын структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин ээлеген кызматынан убактылуу үч айлык мөөнөткө чейин убактылуу төмөндөтүү;
г) авиациялык кырсыкка, инцидентке же учуу коопсуздугуна жана/же авиациялык коопсуздукка коркунуч түзүүгө жол берген аба кыймылын уюштуруу боюнча адистер, учуучу жана инженердик-техникалык курам, борткоштоочуларды, эгерде бул иликтөө жүргүзүү мезгилинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбесе, кызматтык милдеттерин аткаруудан убактылуу четтетүү, бирок бир айдан ашык эмес;
д) кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок экендиги жөнүндөгү негиз болуучу ооруган же башка абалдагы белгилери билинген учурда кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилет жана медициналык текшерүүгө жиберилет. Кызматтан четтетүү фактысы документ аркылуу таризделет. Медициналык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартуу акт аркылуу таризделет;
е) структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилерине кызматтык милдеттерин тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн буйрук формасында чыккан "кызмат ордуна толук шайкеш келбегендиги тууралуу эскертүү" чарасы колдонулушу мүмкүн.
17. Аз акы төлөнүүчү жумушка которуу адистигине, профилине же квалификациясына ылайык жүргүзүлөт. Дисциплинардык жаза түрүндө кызматчыны, медициналык корутундуга ылайык аны ден соолугуна карама-каршы келүүчү жумушка которууга жол берилбейт.
Дисциплинардык жаза максатсыз берилген учурда начальник кызматкерге анын кызматтык милдеттери жөнүндө эсине салып, тартипти бузгандыгы жөнүндө эскертиши керек.
18. Ушул Уставдын 16-пунктунун "б", "в" жана "г" пунктчаларында каралган дисциплинардык жазалар, бир жолку эмгек жана технологиялык одоно тартип бузуулары үчүн колдонулушу мүмкүн.
Кызматкерди жумуштан бошотуу түрүндөгү дисциплинардык жаза Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, ошондой эле кызматкердин учуу коопсуздугуна жана авиациялык коопсуздукка, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип одоно тартипти бузгандыгы, жүргүнчүлөрдү тейлөө, ташылуучу жүктөрдүн, кол жүктөрдүн жана башка ишенип берилген мүлктүн сакталышы боюнча кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы үчүн колдонулушу мүмкүн.
Иши учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан кыймыл кызматындагы учуучу курамдын, диспетчердик курамдын кызматкерлерине жана башка жумушчуларга дисциплинардык жаза иштен бошотуу түрүндө учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү бир жолку одоно тартип бузуусу үчүн да колдонулушу мүмкүн.
(Төртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 683 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кызматкерди жумуштан бошотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт. Учуу иштеринен же аба кыймылын башкаруудан, ошондой эле учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан башка иштерди аткаруудан бошотулган жана дисциплинардык жаза катары башка жумушка которулган адамдарды кайра мурунку ордуна калыбына келтирүү алар аттестациядан өткөндөн кийин гана жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 683 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Иши учуу коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан кыймыл кызматынын учуучу курамынын, диспетчердик курамдын кызматкерлери жана башка кызматкерлер учуу коопсуздугуна жана авиациялык коопсуздукка коркунуч келтирген жоруктарды жасаган учурда, дисциплинардык жазага тартуу жөнүндөгү маселе чечилгенге чейин жетекчилик кылган жана инспектордук курамдагы адамдар тарабынан кызматынан четтетилиши мүмкүн, бул жөнүндө жогору турган начальникке дароо билдирилиши керек.
Кызматкер жетиштүү негизсиз кызматынан четтетилсе күнөөлүү кызмат адамы жоопкерчилик тартат.
20. Дисциплинардык жорук жасаган кызматкерге жумушка кабыл алууга укугу бар жетекчи дисциплинардык жаза бере алат.
21. Ар бир жогору турган жетекчи аларга баш ийген жарандык авиациянын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерине карата төмөнүрөөк турган жетекчилерге тиешелүү дисциплинардык укукту толук ишке ашыра алат.
Жетекчинин тиешелүү таасирисиз бир дагы дисциплинардык жосун жазасыз калбашы керек.
Берилген дисциплинардык укукту пайдаланбаган же ашкере пайдаланып жиберген жетекчи белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
22. Тиешелүү жетекчилер жок болгон учурда дисциплинардык жаза алардын милдеттерин расмий аткарган кызмат адамдары тарабынан берилиши мүмкүн.
23. Дисциплинардык жазаны колдонгонго чейин жетекчи күнөө кылган кызматкерден анын жазуу жөнүндөгү түшүнүгүн алдын-ала талап кылуу менен кетирилген кемчиликтин себептерин жана жүйөлөрүн ар тараптан жана калыс талдап чыгууга милдеттүү.
Түшүнүк берүүдөн баш тартуу күнөөлүү кызматкерди дисциплинардык жоопкерчиликтен бошотпойт.
Дисциплинардык жаза жасалган жосундун оордугуна, ал жасалган жагдайга жана кызматкердин күнөөсүнө жараша болушу керек.
Дисциплинардык жазанын түрүн аныктоодо жетекчи ошол жосундун мүнөзүн, ага келтирилген зыянды, ал жасалган жагдайды, ошондой эле жосун жасаган адамдын мурдагы кызматын эске алууга тийиш.
Дисциплинардык жаза берүүдө жетекчи кызмат этикасынын эрежелерин сактап жана ага баш ийген адамдын жеке кадыр-баркына доо кетирүүгө жол бербеши керек.
24. Дисциплинардык жаза колдонуу жосун жасаган кызматкерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жоопкерчиликтен бошотпойт.
Дисциплинардык жаза белгиленген тартипте бир жылда иштеген иштин жыйынтыгы боюнча белгиленген сыйакыдан, сыйлыктан ажыратуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана коллективдүү келишимде каралган башка чаралар менен коштолушу мүмкүн.
25. Дисциплинардык жаза ооруп калган же өргүүдө жүргөн убактысын эсептебестен жосун аныкталган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен берилет.
Материалдар алгачкы текшерүү органдарына же алдын-ала тергөөгө берилген, ошондой эле эмгек коллективинин кароосуна берилген учурларда дисциплинардык жаза кылмыш ишин козгоодон баш тартуу же токтотуу жөнүндө билдирилген күндөн же болбосо дисциплинардык жаза колдонуу тууралуу тиешелүү жетекчиге маселе коюу жөнүндө эмгек коллективинин чечими чыккан күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен берилиши керек.
Бардык учурда дисциплинардык жаза берүү алты айдан кечиктирилбеши, ал эми фйнансылык-чарбалык иш-аракетти текшерүүнүн натыйжалары боюнча жосун жасалган күндөн тартып эки жылдан ашпоого тийиш. Бул мөөнөткө кылмыш тартибиндеги иш боюнча өндүрүш убагы кошулбайт.
26. Жогору турган жетекчи ага берилген ыйгарым укуктардын чектеринде төмөн турган жетекчиге берилген дисциплинардык жазаны, эгерде ушундай чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү негиз тапса алып коюуга, жеңилдетүүгө же күчөтүүгө укуктуу.
Күнөөлүү кызматкердин кайрылуусуна байланыштуу жаза жөнүндөгү маселе каралып жатса дисциплинардык жазаны күчөтүүгө жол берилбейт.
27. Кызматкер ага дисциплинардык жаза колдонулгандыгы тууралуу буйрук менен таанышкан күндөн тартып үч айдын ичинде жана иштен бошогондугу тууралуу буйрук тапшырылган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте даттана алат.
Даттануу кызматкерге дисциплинардык жаза берилгендиги тууралуу буйруктун аткарылышын токтото албайт.
28. Дисциплинардык жаза колдонулган кызматкер дисциплинардык жаза колдонулган күндөн тартып бир жыл ичинде жаңы дисциплинардык жаза албаса, ал дисциплинардык жаза алган эмес деп эсептелет.
Учуу иштеринен, аба кыймылын башкаруудан же учуу коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан башка жумуштарды аткаруудан бошотуу түрүндөгү жазаны алып салуу, ушундай жазаны алган кызматкерди автоматтык түрдө кайра мурдагы ишине алып келбейт.
29. Күнөөлүүгө дисциплинардык жаза берген жетекчи, же жогору турган жетекчи эгерде кызматкер эмгек тартибин кайрадан бузбаса жана ак ниеттүүлүк менен иштесе ага берилген дисциплинардык жазаны бир жыл өткөнгө чейин алып сала алат.
Кызматкер дисциплинардык жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган учурда начальник кызматкердин кайрылган күндөн тартып он беш күндөн ашык эмес мөөнөттө кайрылууну карап чыгууга жана ал боюнча чечим чыгарууга милдеттүү. Жазаны алып салуу буйрук менен жарыяланат.
30. Дисциплинардык жазаларды берүү маселеси боюнча эмгектик талаш-тартыштар эмгектик талаш-тартыштар боюнча комиссияда же сотто каралат.