Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-апрели № 31/1
Айыл өкмөтүндө 2012-жылы айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлыкты жарыялоонун жүрүшү боюнча
Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө 2012-жылга айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыялоо колдоого алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча иш чараларына мектептер, ФАПтар, китепканалар, балдар бакчасы жашылдандыруу боюнча массалык иштерди уюштурушсун.
3. Бак-дарактарды отургузуу зарыл көлөмдө жана жогорку сорттогу ассортименттеги көчөттөр менен камсыздоо жагы жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча башкы адиси Э.Шариповго жүктөлсүн.
4. Айыл өкмөтүндө көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча айылдар арасында кароо-сынактын жүрүшүнө даярдык көрүүжана жыйынтыгын чыгаруу айыл өкмөтүндө уюшулган комиссиянын курамына тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге милдеттендирилсин.
Корул айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |