Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-апрели № 31/2
Элди жайлоого көчүрүү жана күзүндө кайтып көчүп келүү боюнча
Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык Кеңешинин аймагындагы 1-Май, Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү жагы 10-апрелден 10-майга чейин, ал эми жайлоодон кайтып көчүп келүү жагы 20-августтан 1-сентябрга чейин белгиленсин.
2. «Жайыт жөнүндө» мыйзамдын негизинде элди жайлоого көчүрүү жана күзүндө кайтып көчүп келүү, ошону менен бирге алыскы Демей жайлоосун пайдалануу, айылдарда пада уюштуруп, Демей жайлоосуна көчүрүү жагы жагын тездетүү жана айылдардагы чөп орунду жерлерди кайтарууга кароол дайындоо жагы, 1-Май айылынын айыл башчысы М.Арзиевге, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы У.Абдразаковго, Кең-Жылга айылынын айыл башчысы К.Кожоевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге жүктөлсүн.
Корул айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |