Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-апрели № 32/7
Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылындагы каналга суу берүү үчүн К.Сыдыковдун билдирүүсүн угуп
Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылындагы каналга суу берүү үчүн, тамарка жер үчүн, үлүш жер үчүн, аренда жер үчүн сотигине ар жыл сайын 10 сомдон эл тарабынан жыйналсын.
2. Жогоруда белгиленген акча каражатын жыйноо, канал үчүн сарптоо, жыйынтыгы боюнча элге толук маалымат берүү жагы 1-Май айылынын айыл башчысы М.Арзиевге, №138 төрт мандаттуу 1-Май айылынын депутаттары К.Сыдыковго, О.Капышовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Бекташовго тапшырылысын.
Корул айылдык округунун кенешинин төрагасы |
Т.Маназаров |