Редакцияот 10.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кенешинин IV чакырылышынын XXXII заседаниеси

 

2012-жылдын 10-апрели  № 32/5

Корул айыл өкмөтүнүн Кен-Жылга айылынын тургуну Ажимаматов Нурмаматтын арызын канааттандыруу боюнча

Корул айыл өкмөтүнүн Кен-Жылга айылынын тургуну маркум «Баатыр эне» Насип Шамшиеванын маданият тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып, Корул айылдык Кенешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    № 6 Тогуз-Булак айылдык китепканасы Шамшиева Насип атындагы айылдык китепканасы деп аталсын.

2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан жана Алай райондук Кеңешинен суралсын.

 

Корул айылдык округунун

кенешинин төрагасы

 

Т.Маназаров