Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-апрели № 32/3
Айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзгөн иштери боюнча
Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн социалдык жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзгөн иштери жактырылсын.
2. Айыл өкмөтүндө калкты социалдык жактан колдоо боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы жана калкты жакырчылыктан чыгарууда 1-Май айылында жакырчылыктын деңгээли 69,7 %, Тогуз-Булак айылында 58,7%, Кең-Жылга айылында 53,8 %, жалпы 59,2 % экендиги белгиленсин.
3. Альтернативдик кызмат өтөгөндөрдөн биринчи квартал ичинде план боюнча 169000 сом болсо, 208670 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
4. Айыл өкмөтүндө калкты социалдык жактан колдоо, жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу, аз камсыз үй бүлөөлөргө ар тараптан колдоо көрсөтүү жагы соцкызматкер К.Жапаровага, ал эми альтернативдик кызмат өтөгөн жаштар менен иштөөдө белгиленген планды өз убагында аткаруу жагы ВУС кызматкерлер А.Маматовго жана Т.Тайгараевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге жүктөлсүн.
Корул айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |