Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-апрели № 32/1
Корул айыл өкмөтүнүн 2011-жылга бюджетинин аткарылышы, 2012-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин кабыл алуу, 2013-2014-жылдарга божомол бюджеттин пландарын кароо боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап
Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 2011-жылга бюджетинин аткарылышы, 2012-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин кабыл алуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жороевдин жүргүзгөн иштери жактырылсын.
2. Корул айыл өкмөтүнүн 2011-жылга такталган бюджетинин киреше бөлүгү 19608,8миң сомго, чыгаша бөлүгү 19322,1 миң осмго аткарылгандыгы бекитилсин.
3. 2012-жылга Корул айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүктөрүн эске алуу менен 22316,7 миң сомго бекитилсин, анын ичинен максаттуу грант 17758,2 мин сом, толуктоочу грант 4048,7 мин сом, өздүк киреше 509,8 миң сом.
4. 2013-жылга Корул айыл өкмөтүнүн божомол бюджетинин планынын киреше жана чыгаша бөлүгү 22356,5 миң сомго каралсын, анын ичинен максаттуу грант 17758,2миң сом, толуктоочу грант 4085,2 миң сом, өздүк киреше 513,1 миң сом.
5. 2014-жылга Корул айыл өкмөтүнүн божомол бюджетинин планынын киреше жана чыгаша бөлүгү 22380,3 миң сомго каралсын, анын ичинен максаттуу грант 17758,2 мин сом, толуктоочу грант 4102,1 мин сом, өздүк киреше 520,0 миң сом.
6. Айыл өкмөтүнүн 2012-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө түрлөрү жана тармактары боюнча өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү айылдык Кеңештин токтому менен жүргүзүлсүн.
7. Корул айыл өкмөтүнүн 2012-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетке киреше жана чыгаша бөлүктөрүн ошондой эле өзгөртүүлөрдү өз максатында кириш жана чыгыш болушун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Корул айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |