Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-апрели №21/1
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2011-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө
Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн 2011-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнөн аткарылыш сметасынын долбоорун талкуулап чыгып Баш-Дөбө айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылга Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн кирешелер боюнча сметасы 10908,4 мин сомго ал эми сметалык чыгашалар боюнча 13908,4 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн 2012-жылдын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С. Хакимовго милдеттендирилсин.
3. Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунан түшкөн ижара төлөмү айыл Өкмөттүн каражаты болуп эсептелинип, толугу менен айыл Өкмөтүнүн кассасы аркылуу чыгымдоосуна тыюу салынсын.
4. Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн 2012-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча түзүлгөн болжолдуу планы бекитилсин.
5. Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн бюджеттин аткарылышы 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында карал сын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин бюджет, салык, инвестициялык тартуу маселелерй боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Исаков |