КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-марты №27/1
Кара -Кулжа айыл өкмөтүнүн 2011-жыл бюджетинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бюджета жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа айыл Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 28-февраль 2012-жылдагы жыйынынын № 6 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2011-жыл бюджети 70.128 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Депутаттардын Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Кеңешинин № 22/Зжана 17.12.2011жылдагы №26 /1 сессиясында белгиленген Биймырза айылы учун 50 мин сом, оорукана септиги учун 220 мин сом, мүрзөгө чыгуу үчүн жолго 30 мин сом акча каражатын 2012-жылдын I кварталында чечип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Токтомушовко тапшырылсын.
3. Кара -Кулжа айыл өкмөтүнүн 2012-жыл бюджети 73.650.200 сомго бекитилсин.
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Кенешинин төрагасы |
И. Абжапаров |