Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17- марты №27/3
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Биймырза айылынын Айдоо учаскасында жашаган тургундарынын жыйынын 30.01.2012-жыл №1 протоколунун №1-«Биймырза айылынын Айдоо учаскасында аты жок көчөсүнө Абилов Тажимаматтын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү» токтомун бекитип берүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Биймырза айылынын Айдоо учаскасында жашаган тургундарынын жыйынын 30.01.2012-жыл №1 протоколунун №1-«Биймырза айылынын Айдоо учаскасында аты жок көчөсүнө Абилов Тажимаматтын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү» токтому бекитилсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Биймырза айылындагы аты жок көчөсүнө Абилов Тажимамат Исаевичтин ысмы ыйгарылсын.
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Биймырза айылындагы Абилов Тажимамат Исаевич атындагы көчөнүн көрнөктөрүн, үй номерлерин илдирүү, көрктөндүрүү жана жолдун абалын кароо жагы Абилов Мирланга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Биймырза айылынын айыл башчысы А.Калчаевге тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык кенешинин торагасы |
И. Абжапаров |