Загрузка документа…
КАРА - КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-марты №27/ 4
Кара - Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1-Май айылындагы Булбул учаскасына суу ташкынынан жана калкты коргоо үчүн дамба курууга 1-Май айылындагы «Жетим-Курташ» таш карьерасын келишимдин негизинде ижарага (аренда) берүү жөнүндө
Депутаттардын Кара - Кулжа айылдык Кеңешинин коммуналдык менчик, маалымдуулук, курулуш багыттарын аныктоо боюнча туруктуу комиссиясы 2012-жылдын 14-февралындагы № чечиминин жана Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 21.02.2012-жылдын № 13-А токтомун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Респбликасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинен «Булбул» учаскасында курулуп жаткан 740-метр дамбанын, бүткөрүлбөй калган 205-метрин куруп беруу жана 2012-жылдын иш планына кийирип ишти тездетип берүү жагы суралсын.
2. 1-Май айылындагы «Жетим -Курташ» таш карьерасы келишимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигине 5 (беш) жылга, 5 (беш) га жер аянты ижарага (аренда) берилсин.
3. 1-Май айыл тургундары суранган таш карьерге кеткен жолду суу ташкынынан сактоо үчүн 50-метр жол жээгине аренда акы эсебинен таш төгүлүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Токтомушовко тапшырылсын.
Кара -Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы |
И. Абжапаров |