Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2012-жылдын 17 – марты №27/5
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Кулжа, 1 -Май, Биймырза жана Сары-Камыш айылдарындагы эгин талааларын, чөп оорунду аянттарын жана үлүшкө тийген (сугат, кайрак жана чөп орунду ) жерлерин мал жандыктан коргоо, сугат-суу менен камсыздоо боюнча кароолчулардын жана мураптардын эмгек акысын чектеп берүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө Кыргыз Республикасынын» Мыйзамынын 19 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү маанидеги маселелерди өткөрүп берүүнүн тартиби» жөнүндө беренесине ылайык Кара -Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара -Кулжа, 1 -Май, Биймырза жана Сары-Камыш айылдарындагы кайра болуштуруу фондусунун (ФПС) ижара акысынын эсебинен кароолчулардын жана мураптардын эмгек акысы 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө, бир айга эмгек акысын төлөп берү жагы Кара -Кулжа айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара -Кулжа, 1-Май, Биймырза жана Сары -Камыш айылдарындагы эгин талааларын, чөп оорунду аянттарын жана үлүшкө тийген (сугат, кайрак жана чөп орунду ) жерлерин мал жандыктан коргоо, сугат -суу менен камсыздоо боюнча кароолчулардын жана мураптардын эмгек акысына 2000 (эки миң) өлчөмүндө бир айлык эмгек акысына кошумча элдик жыйымдардан төлөп берү жагы айыл башчыларга (К.Турдубаев, К.Калмуратов, Т.Бакыев, А.Калчаевке ) милдеттендирилсин.
3. Эгин талааларына, чөп оорунду аянттарына жана үлүшкө тийген (сугат, кайрак жана чөп орунду ) жерлерге кароосуз үшкөн мал-жандыктардын ээсинен, тийиштүү өлчөмдөгү айыптарды (штраф) өндүрүү дайындалган кароолчуларга тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кара -Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Токтомушов жана айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Султановага тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы |
И.Абжапаров |