Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17 - марты №27/6
Кыргыз Республикасынын каржы министрине караштуу экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондусу тарабынан Кара-Кулжа районунун, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Кайып-Ата» үрөөнчүлүк чарбасына берилген буудай үрөөндү төлөө мөөнөтүүн узартып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Кара -Кулжа аймактык комиссиясынын мүчөлөрү:
Эркинбаев Дарманбек райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары, Абдираимов Азат Өзгөчө Кырдаалдардан Министирлигинин Кара-Кулжа райондук болүмүнүн башчысы,Кокоев Маматиса Кара-Кулжа райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин башчысы, Токтомушов Абдилкадыр Кара-Кулжа айыл округунун башчысы, Абдраев Эркин Кара-Кулжа райондук кыймылсыз мүлктү каттоо жана жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы,Токтосунов Жумабай Кара-Кулжа райондук суу-чарба башкармасынын башчысы,Толонов Соорон Кара-Кулжа райондук финансы бөлүмүнүн башчысы жана Маматов Кубаныч райондор аралык үрөөн инспекциясынын Кара-Кулжа району боюнча инспектору курамында болгон 11-февраль 2012-жылы түзүлгөн комиссия «Районубузда ноябрь, декабрь айларында тынымсыз жааган жамгырдын, кардын кесепеттеринен күздүк эгиндерди себүүгө тоскоолдук болуп дыйкан, фермер чарбалардын жерлери кээ бири чала айдалган боюнча кээ бири айдалбай калып калгандыктан буудай үрөөндөрүн алуудан баш тартышкан. Бүгүнкү күндө жогорудагы буудай үрөөндөр атайын лабораториялык анализден өткөн сертификаттары бар. Алынган кредитти кайтаруу үчүн атайын тапшырманын негизинде буудай үрөөнү даярдалган. Азыркы мезгилде аталган үрөөн чарбалардын кампаларында үрөөндүк буудай толугу менен сакталып, тургандыгы жөнүндөгү» АКТысын угуп талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын каржы министрине караштуу экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондусу тарабынан Кара-Кулжа районунун, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Кайып-Ата» үрөөнчүлүк дыйкан чарбасынын 128.100 сомго берилген буудай үрөөндү төлөө мөөнөтү узартылып берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Примьер-министри Бабанов Омурбек Токтогуловичтен жана Кыргыз Республикасынын каржы министрине караштуу экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондусунун директору Мадумаров Канатбек Маматовичтен «Кайып-Ата» үрөөнчүлүк дыйкан чарбасынын 128.100 сомдук берилген буудай үрөөндү төлөө мөөнөтүн 2012-жылдын декабрь айына чейин узартып берүү жагы суралсын.
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы |
И. Абжапаров |