Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17 – марты №27/7
Кара-Кулжа айылынын А.Исманов көчөсүнүн тургуну Исманов Мелистин «Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан«Тынчтык Достук» атындагы багын ижарага берүүнү суранган арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан 08.02.2002-жылы кабыл алынган «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн, 15 «муниципалдык менчик обьекттерин пайдаланууга жана ижарага берү жөнүндө» статьясынын, 1 бөлүмчөсүнүн негизинде, депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Кара-Кулжа айылынын А.Исманов көчөсүнүн тургуну Исманов Мелистин «Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан «Тынчтык Достук» атындагы багын ижарага берүүнү суранган арызы канаттандырылсын.
2. Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан «Тынчтык Достук» атындагы багын ижарага (арендага) берүү жөнүндөгү келишимди түзүү жагы, айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Б.Султановага жана жер боюнча адиси Таировго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Токтомушовго тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы |
И. Абжапаров |