Редакцияот 17.03.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылы 17-марты №27/9

 

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1-Май айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынын 06.03.2012-жылдагы протоколдук чечимин бекитип берүү жөнүндө

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Токтомушов 1-Май айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынын 06.03.2012-жылдагы протоколдук чечими жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 1-Май айылындагы эрозияга учурап, жер жана кар көчку жүрүү, сел жүрүү коркунучу бар кооптуу делинген Кун-Тийбес участогуна токой тилкелерин отургузуу жөнүндө чечими жактырылсын жана колдоого алынсын.

2. 1-Май айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун сунушу боюнча айыл өкмөтүнүн токой тилкелерин отургузуу жөнүндөгү даярдалган долбоору жактырылып, долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн уюштуруу иштерин жүргүзүү, каражат жана аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн долбоордун алкагында ишке тартууну уюштуруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Кара-Кулжа айылдык

кеңешинин төрагасы

И. Абжапаров