Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-марты №27/ 10
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 01.03.2012-жыл № 15 «Айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра болуштуруу фондусунун (ФПС) жерлерин ижарага берү боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы жөнүндөгү» токтомун бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997- 3 «Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралу» токтомунун 3-бөлүгүнүн 21-бөлүмчөсүнүн негизинде Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлерин ижарага берүү боюнча төмөндөгү курамда комиссиянын курамы бекитилсин:
1. Абжапаров Идирис - комиссиянын төрагасы, депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасы
2. Кадыров Данияр- комиссиянын катчысы, айыл өкмөтүнүн катчысы. комиссиянын мучөлөру:
3. Токтомушов Абдилкадыр- Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы.
4. - айыл өкмөтүнүн жер, турак жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча сектор башчы.
5. Жээнбеков Бактыбек- айыл өкмөтүнүн жер,тураак жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис.
6. Бокоев Сагын- Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин депутаты.
7. Маткеримов Маматсыргак- Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин депутаты.
8. Турдубаев Камчыбек- 1-Май айылынын айыл башчысы.
9. Калмуратов Калдыбай - Кара-Кулжа айылынын айыл башчысы.
10.Бакыев Тагайкул -Сарыкамыш айылынын айыл башчысы.
11.Калчаев Алтынбек- Биймырза айылынын айыл башчысы. Байкоочу.
1. А. Шананов-райондук агрардык өнүктүрүү башкармачылыгынын адиси.
2. Т. Карабаев-райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармачылыгынын адиси.
2. Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) баардык жерлердин 20% берилишин камсыздашсын.
3. Жер аянтын максатка ылайык пайдалануу, курчап турган айлана чөйрөнү коргоо, чектеш жер тилкелердин ээлерин укуктарын бузбоо жана аган суу каналдарын, арыктарын тазалоо жагы жана келишимди аткаруу ижарачыга (арендаторго) милдеттендирилсин.
4. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлеринин 1 ГА- кайракы жер аянтына 1000 сом өлчөмүндө, 1 ГА- сугат жер аянтына 3000 сом өлчөмүндө баштапкы баасы бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамына тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы | И. Абжапаров
|