КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңешинин кезексиз жыйырма жетинчи сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы
2012-жылдын 17 - март №27/12
Кара-Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене-тарбия жана спорт клубунун жер аянты жөнүндө
1. Кара-Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене-тарбия жана спорт клубунун директору Т.Козубаевдин райондун мамлекеттик администрациясына жана райондук кеңешине спорттук клубдун айланасындагы жер аянттын чечим берү жөнүндө арызын текшерүүнүн жыйынтыгынын негизиндеги сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара -Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене-тарбия жана спорт клубунун жер аянты муниципалдык менчикке өткөндүгү белгиленсин.
2. Кара -Кулжа райондук балдар, өспүрүмдөр дене -тарбия жана спорт клубунун директору Т.Козубаевдин райондун мамлекеттик администрациясына жана райондук кеңешине спорттук клубдун айланасындагы жер аянттын чечим берү жөнүндө арызын текшерүүнүн жыйынтыгынын негизиндеги сунушун мыйзам чегинде аткарылышы жөнүндө жогорку органдарга билдирүү берүү жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Токтомушовго тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Абжапаров |