КАРА КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17 -марты №27/13
1-Май айылындагы «Токтогул» атындагы орто мектебинин алдында уюштурулуп жаткан бала бакчаны ачууга уруксат берүү жөнүндө
1-Май айылындагы «Токтогул» атындагы орто мектебинин алдында уюштурулуп жаткан бала бакчаны ачууга уруксат берү боюнча маселени талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылындагы «Токтогул» атындагы орто мектебинин алдында уюштурулуп жаткан бала бакчаны ачууга уруксат берилсин.
2. Мектеп алдында уюштурулуп жаткан бала бакчага балдарды жол-жобосу менен кабыл алууну уюштуруу жагы бала бакчанын башчысына милдеттендирилсин.
3. Мектеп алдында уюштурулуп жаткан бала бакчасына штаттык бирдиктерди киргизүү айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык болүмдүн башчысы Б.Султановадан жана райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Токтомушовго тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы |
И. Абжапаров |