Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-марты №27/16
Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармасынын 01-феврали 2012-жылдын №15 «Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Кулжа айылынын 2-бөлүмүнө мечит курууга макулдугун берген» аныктамасы жөнүндө 09.02.2012-жылдын өткөрүлгөн Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Кулжа айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын токтомун бекитип берүү жөнүндө
Кыргызтан Мусулмандарынын Дин башкармасынын 01-февралы 2012-жылдын №15 «Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Кулжа айылынын 2-бөлүмүнө мечит курууга макулдугун берген» аныктамасы жөнүндө 09.02.2012-жылы өткөрүлгөн Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Кулжа айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызтан Мусулмандарынын Дин башкармасынын 01-февралы 2012-жылдын №15 «Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Кулжа айылынын 2-бөлүмүнө мечит курууга макулдугун берген» аныктамасы жөнүндө 09.02.2012-жылы өткөрүлгөн Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Кулжа айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын токтому канаттандырылсын жана бекитилсин.
2. Кара-Кулжа айылынын, А. Исманов көчөсүндө жайгашкан Т. Абдраевдин жеке менчик жерине мечит курууга уруксат берилсин.
3. Кара-Кулжа айылынын тургуну Т. Абдраевге жеке менчик жерине мечит куру үчүн демөөрчүлөр менен тыгыз байланышта иш алып баруу жана тийиштүү документтерди бүткөрүү тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кара-Кулжа айылынын айыл башчысы К. Калмуратовго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеӊешинин төрагасы |
И. Абжапаров |