Редакцияот 08.02.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чон-Алай айылдык округдук кенешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы

 

2012-жылдын 8-февралы №2а

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү мыйзамынын 3-беренесинин тарлаптарына ылайык айылдык округунун аймагында (Айыл чарба багытындагы эмес,тамарка жана1-2-3 топтогу мүлк) жер жана мүлк  салыгын киргизүү жөнүндө

Чон-Алай айылдык округдук Кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы

1. Депутаттардын Чоң-Алай айылдык Кеңеши мамлекеттик салык кызматынын Чоң-Алай боюнча башкармалыгынын 2012-жылдын 10-январындагы катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү мыйзамынын 3-беренесинин талаптарына ылайык айылдык округунун аймагында (Айыл чарба багытындагы эмес, тамарка жана 1-2-3 топтогу мүлк) жер жана мүлк салыгын киргизүү маселесин айылдык кеңештин сессиясында каралып чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү мыйзамынын 3-беренесинин талаптарына ылайык айылдык округунун аймагында (Айыл чарба багытындагы эмес,тамарка жана1-2-3 топтогу мүлк) жер жана мүлк салыгы 2012-жылдан баштап киргизилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү пландоо бюджет жана экономикалык реформа, айыл чарбасы боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Чон-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Алипбеков