Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-апрели № 22/1
Кара-Кочкор айылдык округдун 2011- жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жана 2012- жылдын бюджети жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 3 , 4 пунктуна , Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин регламентинин 1 бөлүгүнүн 2 главасынын 2 пунктуна ылайык «Кара-Кочкор айылдык округунун 2011 - жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жана 2012 - жылдын бюджети жөнүндөгү»
Кара-Кочкор айылдык округунун финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы
К. Ибраимовдун маалыматын , Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кара-Кочкор айылдык округунун 2011-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 27215,8 мин сомго, чыгаша бөлүгү 27116,4 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин .
2. Кара-Кочкор айылдык округунун бюджетинин кирешелери менен чыгашалары 2012- жылга 28, 468, 0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кара-Кочкор айылдык округуна тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде , ошондой өндүрүштүн көлөмдөрүнүн , баалардын денгээлдеринин , инфляциянын денгээлинин болуп жаткан башка процесстердин эсебинен келип жаткан өзгөрүулөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы жана чыгымдар арасындагы статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык округдук Кеңештин сессиясында каралып , бекитиле тургандыгы белгиленсин .
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин социалдык маданий , билим берүү , спорт , миграция , туризм , саламаттыкты сактоо , коммуналдык жана муиципалдык менчик , маалымдуулук , жаштардын иштери , социалдык – экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо , экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А. Жолдошов) жана айылдык округунун аппаратына тапшырылсын .
Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин төрагасы | Т.Кайыпкулов
|