Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-апрели № 22/2
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн мусур салыгын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27- беренесинин 15 пунктуна ылайык Кара-Кочкор айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамына ылайык ар бир түтүнгө 20 сом өлчөмүндө мусур салыгы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы А. Жолдошов) жана айыл өкмөтүнүн салык боюнча кызматкери А. Жолдошбаевге тапшырылсын .
Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин төрагасы | Т.Кайыпкулов
|