Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-апрели № 22/4
Өкмөтүнүн социалдык–экономикалык жактан өнүгүүнүн жыйынтыктарынын абалы жана 2012- жылга карата милдеттери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы О.Бегимкуловдун отчету жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27- беренесинин 2,6 пунктунун , 48 берененин 2 пунктуна ылайык Кара – Кочкорр айыл өкмөтүнүн социалдык–экономикалык жактан өнүгүүнүн жыйынтыктарынын абалы жана 2012- жылга карата милдеттери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы О.Бегимкуловдун отчетун угуп жана талкуулап Кара – Кочкор айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011- жылдын жыйынтыгы менен Кара- Кочкор айыл өкмөтүнүн социалдык–экономикалык жактан өнүгүүнүн жыйынтыктарынын абалы жана 2012- жылга карата милдеттери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы О.Бегимкуловдун отчету канааттандырарлык деп табылсын .
2. Кара–Кочкор айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери :
- 2012- жыл облуста “Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү жана жумушчу орундарды түзүү жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу айыл өкмөттө ички мүмкүнчүлүктөрду , резервдерди пайдаланып жана чет элдик инвестицияларды тартуу менен бирге өнөр жай товарларын чыгарган ишканалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана аларга жагымдуу шарт түзүү менен өнөр жай продукциясын чыгарган ишкана ачуу аркылуу жана жаны жумуш орундарды түзүү жагы;
- социалдык инфраструктураны которуу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча тынымсыз иш – аракеттерди көрүү ;
- айыл өкмөттүн аймагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык жактан өнүктүрүү пландарды ишке ашыруу ;
- жамааттык топтор , өз ара жардамдашуу топтору , аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен терен байланышта иш алып баруу ;
- калкты таза суу , сугат суу менен камсыз кылууну , жайыттарды , эгин талааларды коргоону жөнгө салуу ;
- калктын аярлуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу ;
- ички жолдорду , көпүрөлөрдү тартипке келтируу маселелерин колго алуу жактары милдеттендирилсин .
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара – Кочкор айылдык округунун кеңешине тапшырылсын .
Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин төрагасы | Т.Кайыпкулов
|