Загрузка документа…
КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-апрели №12/2
Конур-Дөбө айылдык округунун 2010-2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча жана 2012-2013-2014-жылдардагы бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Конур-Дөбө айылдык округунун 2010-2011-жылдагы бюджетинин аткарылышын, 2012-жылдагы бюджетти жана 2013-2014-жылдардагы бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндөгү маселени угуп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Конур-Дөбө айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 9375,7 мин сом чыгаша бөлүгү 9338,6 мин сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. 2011-жылы Конур-Добо айылдык округунун бюджетинин киреше бөлүгү 12630,1 мин сомго чыгаша бөлүгү 12539,6 мин сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
3. Конур-Добо айылдык округунун 2012-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 16061,9 мин сом жана чыгаша бөлүгү 16061,9 мин сом өлчөмүндө бөлүнүп берилген сумма бекитилсин (маалымат тиркелет) Врав.гранттан 247,1 мин сом жетишпегендиги белгиленсин жана бул сумманы кошумча бөлүп берүү жагы каржы министрлигинен суралсын (маалымат тиркеелет)
4. Конур-Добо айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнун долбоору 2013-жылга 16095,7 мин сомго анын ичинен КГ 12411,6 мин сом, ВГ 3237,2 мин сом, өздүк киреше 446,9 мин сомго. 2014-жылга 16108,4 мин сомго анын ичинен КГ 12411,6, ВГ 3249,9,өздүк киреше 446,9 мин сомго бекитилсин.
5. 2012-жылга бекитилген бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча аткарылышынын эсебинен өзгөртүү киргизүү Конур-Добо айылдык Кеңешинин бюджеттик комиссиясына уруксат берилсин жана айылдык округунун берген сунуштарынын негизинде айылдык Кеңештин сессиясында каралып турулсун.
6. 2012-жылдагы сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүн ар бир статьясына карата максаттуу пайдалануу жагы айылдык округдун ФЭБ башчысы С.Батралиевге милдеттендирилсин.
7. Айылдык округдун 2012-жылдагы сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүн ар бир статьясына карата максаттуу каржылоону көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Конур-Дөбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Бегматов |