Редакцияот 11.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Конур-Дөбө айылдык кеңешинин III чакырылышын XII заседаниеси

 

2012-жылдын 11-апрели №12/6

Конур-Дөбө айылдык округуна караштуу Арпа-Тектир айылынын тургундарынын суу чыгаруу үчүн жер тилкесин сурап жазган арызын кароо жөнүндө

Конур-Дөбө айыл округуна караштуу Арпа-Тектир айылынын тургундарынын атынан суу чыгаруу үчүн кудук казууга жер аянтын сурап жазган арыздарын карап чыгып канаттандыруу максатында КРнын жер Кодексинин 13-статьясынын 3-пунктунун негизинде

Конур-Дөбө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Арпа-Тектир айылынын тургундарына суу чыгаруу үчүн кудук казууга Арпа-Тектир мектебинин 0,05 сотых жер тилкеси чектелип берилсин

2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектен тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан, ошондой эле Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Конур-Дөбө айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Т. Бегматов