Загрузка документа…
КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-апрели №12/6
Жар-Кыштак айылына караштуу каналдын үстүндөгү көрүстөндүн астындагы жерди элге турак жай салууга берүү жөнүндө
Конур-Дөбө айылдык округуна караштуу Жар-Кыштак айылындагы каналдын үстүндөгү көрүстөндүн астындагы айыл чарбасына жараксыз жерди айыл округундагы турак жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамынын 13-беренесинин 3-пунктунун жана 32-беренесинин 3-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Конур-Дөбө айылдык округуна караштуу Жар-Кыштак айылындагы каналдын үстүндөгү көрүстөндүн астындагы айыл чарбасына жараксыз жерди айыл округундагы турак жай курууга муктаж үй бүлөлөргө турак жай куруу үчүн 10 (он) сотыхтан жер аянты чектелип берилсин.
2. Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан Жар-Кыштак айылынын ГЕН планына кошумча план түзүп берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдепендирилсин.
Конур-Дөбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Бегматов |