Загрузка документа…
КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-апрели №11/3
Конур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу, Боз-Караган айылындагы, жалпысы 2 км келген Шилбилүү сел өткөрүүчү каналын тазалап жана казып калыбына келтирүүнү сурануу жөнүндө
Конур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Караган айылындагы жалпысы 2 км келген Шилбилүү сел өткөрүүчү каналдын ичи төлүп, өткөн жылы тазаланбай калгандыктан, бүгүнкү күндө анын-жээгинде жашаган элдерге жана эгин талааларына көркүнүч келүүдө. Ошондуктан тез аранын ичинде селкананы казып тазалап, калыбына келтирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Конур-Дөбө өкмөтүнө айыл караштуу Боз-Караган айылындагы, .жалпысы 2 км келген Шилбилүү сел өткөрүүчү каналын тазалап казуу, калыбына келтирүү жумуштары, айыл өкмөттүн өз күчү менен аткарууга мүмкүнчүлүк жок болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин атайын алдын алуу жана өзгөчө Кырдаалдардын кесепетин жоюу иш чараларынын 2012-жылдын планына киргизилүүсү суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Конур-ДөБө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Бегматов |