Редакцияот 20.01.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Конур-Дөбө айылдык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз X заседаниеси

 

2012-жылдын 20-январы №10/3

Конур-Дөбө айылдык округуна караштуу Кара-Шоро айылындагы балдар бакчасын ачуу жана Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 11-октябры 2011-жылдагы №9/5 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Конур-Дөбө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Конур-Дөбө айылдык Кеңешинин 11-октябры 2011-жылдагы №9/5 токтому КР өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтому менен бекитилген жобонун 4-пунктуна каршы келгендигинен токтом күчүн жоготту деп табылсын.

2. Конур-Дөбө айылдык округуна караштуу Кара-Шоро айылындагы балдар бакчасы ачылсын.

3. Кара-Шоро айылындагы балдар бакчасына штат бирдиктерин жана финансылык акча каражатын карай берүү жагы райондук финансы бөлүмүнүн суралсын.

4. Токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө а/округунун финансы бөлүмүнүн башчысы С. Батыралиевге тапшырылсын.

 

Конур-Дөбө айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Т. Бегматов