Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-январы №12/62
Кара-Суу районунун административдик-аймактык баш ийүүсүнөн Төлөйкөн айылдык округун чыгаруу жана аны Ош шаарынын административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүп берүү жөнүндө
Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык округунун аймагындагы Учар, Төлөйкөн, Өзгур, Дыйкан-Кыштак, Кыргызстан айылдарынын элдик жыйындарынын протоколдорунун, Төлөйкөн айылдык кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы №14/1 токтомунун негизинде депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун административдик-аймактык баш ийүүсүнөн Төлөйкөн айылдык округу чыгарылсын жана Ош шаардык административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүлүп берилсин.
2. Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармасына /К.Жутанов/, Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармасына /М.Раимбердиев/, Төлөйкөн айыл өкмөттүн башчысына /Н.Базаров/ Төлөйкөн айылдык округун Ош шаарынын административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-кагаздарды даярдоо тапшырылсын.
3. Бул токтом депутаттардын Ош шаардык кеңешине, Ош шаардык Мэриясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинен жана Өкмөтүнөн суралсын.
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы |
Б.Каратаев
|