Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-январы №12/63
Кара-Суу районунун административдик-аймактык баш ийуусунен Папан айылдык округун чыгаруу жана аны Ош шаарынын административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүп берүү жөнүндө
Кара-Суу районунун Папан айылдык округунун аймагындагы Кызыл-Туу, Кожокелен, Карагур, Алчалуу, Бөрү, Ак-Терек, Тогуз-Булак, Чычкан-Кол, Жарбашы, Ата-Мерек, Камыр-Суу айылдарынын элдик жыйындарынын протоколдорунун, Папан айылдык кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы №20 токтомунун негизинде депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун административдик-аймактык баш ийүүсүнөн Папан айылдык округу чыгарылсын жана Ош шаардык административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүлүп берилсин.
2. Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармасына /К.Жутанов/, Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармасына /М.Раимбердиев/, Папан айыл өкмөттүн башчысына /Э.Исмаилов/ Папан айылдык округун Ош шаарынын административдик-аймактык баш ийүүсүнө өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-кагаздарды даярдоо тапшырылсын.
3. Бул токтом депутаттардын Ош шаардык кеңешине, Ош шаардык Мэриясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинен жана Өкмөтүнөн суралсын.
Кара-Суу райондук Кеңешинин төрагасы |
Б.Каратаев
|