Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-февралы №13/67
2010-жылдын июнь айындагы Ош окуясында жабыр тарткан Кара-Суу районунун тургундарына турак жай бөлүштүрүү боюнча райондук комиссияны бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы "Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына биринчи кезекте турак жай берүү тартиби жөнүндө" № 295 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 7-декабрындагы №1985 токтомунун негизинде депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын июнь айындагы Ош окуясында жабыр тарткан Кара-Суу районунун тургундарына турак жай бөлүштүрүү боюнча райондук комиссия (мындан ары - райондук комиссия) түзүлсүн жана төмөндөгү курамда бекитилсин:
1. Жолдошев СТ. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы
2. Баитова Ж.М. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары
3. Каратаев Б.К. Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары
комиссиянын мүчөлөрү
4. Жороева М. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы
5. Жакыпов Ж. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөочү адиси-юрист
6. Муратов К. райондук аймактык оорукананын директору, райондук кеңештин депутаты
7. Жоробаев Ж. райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы
8. Ахмедов Э. райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы
9. Закиров А. "Ак-Ниет" өкмөттүн эмес уюмдун жетекчиси
10. Молдоев Келдибек жабыркаган Ак-Таш айылынын тургуну (макулдашуу боюнча)
11. Аматов Н. райондук кеңештин депутаты
12. Арстанбеков Ш. райондук кеңештин депутаты
13. Каримов А. райондук кеңештин депутаты
14. Касимов Р. райондук кеңештин депутаты
15. Маткеримов Б. райондук кеңештин депутаты
16. СалиевВ. райондук кеңештин депутаты
17. Айыл өкмөттөрдүн, Кара-Суу шаар башкармасынын башчылары
2. 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кара-Суу районунун тургундарына биринчи кезекте турак жай берүүнүн тартиби жөнүндө жобо №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Райондук комиссия бекитилген Жобого ылайык иштерди алып барсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу райондук кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына (А.Каримов) тапшырылсын.
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы |
Б.Каратаев
|
| Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын №13/67 токтомунун №1 тиркемеси
|
2010-жылдын июнь айындагы От окуясында жабыр тарткан Кара-Суу районунун тургундарына биринчи кезекте турак жай берүүнүн тартиби жөнүндө жобо
1. Бул Жобо 2010-жылдын июнь айындагы Ош окуясында жабыр тарткан Кара-Суу районунун тургундарына Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программасынын алкагында курулган турак жайды менчик укугуна берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. 2010-жылдын июнунда үйлөрү талкаланган Кара-Суу районунун тургундары, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы Ош окуясында каза болгон, дайынсыз жоголгон адамдардын балдары (мындан ары -жарандар) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Республикасынын жарандарынын категорияларынын тизмесине ылайык турак жайды биринчи кезекте алууга укуктуу.
3. Жарандар турак жайды биринчи кезекте алууга өтүнүч бергенде, аларга менчик укугунда тиешелүү болгон жер участоктору талкаланган турак жай үйлөрү жана курулмалары менен муниципалдык менчикке ыктыярдуу түрдө белгиленген тартипте өткөрүп берилет.
4. Жарандар өздөрүнө менчик укугунда тиешелүү болгон жер участокторун муниципалдык менчикке ыктыярдуу түрдө өткөрүп берүүдөн баш тарткан учурда аталган адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы № 164 «Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жабыр тарткан адамдарга объекттерди курууга жана калыбына келтирүүгө мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык жеке турак жай үйүн калыбына келтирүү же куруу үчүн ссуда алууга укуктуу.
5. Көп квартиралуу үйлөрдөн (квартиралар: 1 бөлмөлүү 2 бөлмөлүү, 3 бөлмөлүү) берилүүчү турак жайдын жалпы аянты талкаланган турак үйдүн жайгашкан жери боюнча катталган үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша аныкталат, мында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген бир адам үчүн турак жай аянтынын нормалары эске алынат.
6. Бир категориядагы жарандардын арыздарын кароодо биринчи кезек үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына, үй-бүлөнүн ишке жарактуу мүчөлөрүнүн санына (багуучусуна), үй-бүлөдөгү 1, 2-топтогу майыптардын бар экендигине жараша аныкталат.
7. Турак жайды биринчи кезекте алуу үчүн арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
-паспорттун же өзүн күбөлөндүргөн башка документтин көчүрмөсү;
-жер участогун ыктыярдуу түрдө өткөрүп берүү жөнүндө арыз, ага үй-бүлөнүн жашы жеткен бардык мүчөлөрү кол коет (жер участогу бар болсо);
-жашаган жеринен үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат же үй китебинен көчүрмө (бар болсо);
-Жер участогуна менчик укугу жөнүндө актынын көчүрмөсү (бар болсо);
-2010-жылдын июнундагы окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды баалоо боюнча комиссиянын изилдөө актысы;
-2010-жылдын июнь айындагы Ош окуясынын кесепетинен турак жайсыз калгандыгы же турак жайы талкалангандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымкаты;
-2010-жылдын июнь айындагы Ош окуясынын кесепетинен үй-бүлө мүчөсү каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрү үчүн);
-2010-жылдын июнь окуяларынын кесепетинен майып болгондугу жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) маалымкаты (майып болгон адамдар үчүн);
-2010-жылдын июнь айындагы Ош окуясынын кесепетинен үй-бүлө мүчөсүн дайынсыз жоголгон деп таануу жөнүндө соттун чечими (туугандары дайынсыз жоголгон үй-бүлө мүчөлөрү үчүн).
8. Турак жайды биринчи кезекте алууга укугу бар Кара-Суу районунун жарандарынын кезегинин тизмесин түзүүнү балдардын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлдөрү жок болгон учурда балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле жарандар берген арыздардын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлүүчү комиссиялар (мындан ары - комиссиялар) жүргүзөт.
9. Комиссиянын жобосу жана курамы жергиликтүү кеңештердин чечими менен түзүлөт жана бекитилет. Комиссиянын курамы на төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү киргизилет:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын;
-райондук мамлекеттик администрациянын;
-жергиликтүү кеңештин;
-райондогу медициналык мекемелердин, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын өкүлдөрү;
-жабыр тарткан адамдардын өкүлдөрү;
-жарандык коомчулуктун (өкмөттун эмес уюмдардын) өкүлдөрү.
10. Балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын же жарандардын турак жайды биринчи кезекте алуу үчүн арыз берүүсүнүн фактысын комиссия эсепке алуу журналына каттайт.
11. Комиссия жыйындарын мезгилдүү, бирок 10 күндө бир жолудан кем эмес өткөрөт.
12. Комиссия балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардан же жарандардан түшкөн арыздарды белгиленген тартипте изилдейт жана чечим кабыл алат, бул чечим тиешелүү протокол менен таризделет, чечим комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү бар болгондо көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
13. Комиссиялардын протоколдору ушул Жобонуп 7-пунктунда аталган арыздар жана документтер тиркелип, Мамкомиссилнын жактыруусуна 3 жумушчу күндүн ичинде жиберилет.
14. Турак жайды биринчи кезекте алууга укугу бар жарандарга турак жай берүү жөнүндө комиссиянын Мамкомиссия жактыргап чечими турак жайды жарандын менчигине берүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечимин кабыл алууга негиз болуп эсептелет.
15. Турак жайды биринчи кезекте алууга укугу бар жарандардын арыздарын кароонун натыйжаларын Мамкомиссия чечим кабыл алгандан кийин 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде комиссиялар жарандарга маалымдайт.
16. 2010-жылдын июнунда үйлөрү талкаланган жарандарга турак жайды менчикке берүү турак жайды жер участогуна алмашуу келишимин түзүү жолу менен таризделет, ал келишим жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү органда катталууга тийиш.
17. Комиссиянын чечимине каршы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттануу берилиши мүмкүн.
18. 2010-жылдын июнь окуяларында документтер жоголуп кеткендигинин айынан документтери жок болсо жана аларды арыз берүү учурунда калыбына келтирүүгө мүмкүндүк болбосо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тиешелүү мамлекеттик органдарга расмий түрдө кайрылуу жолу менен жарандарга документтерди калыбына келтирүү же аталган фактыларды ырастоо үчүн көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Кара-Суу райондук кеңешинин жооптуу катчысы
|
А.Калматова
|