Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-февралы №13/68
Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 15-февралындагы №331, №332 токтомдору жөнүндө
Кара-Суу районунун социалдык инфракструктурасын өнүктүрүү, атуулдарды турак жай менен камсыз кылуу максатында райондун аймагындагы өзгөчө баалуу жерлерге кирбеген категориядагы жерлерден жер участокторун ажыратуу жөнүндө 2011-жылдын 2-февралындагы Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин №96 жана айыл өкмөтүнүн №10 токтомдорун, Шарк айылдык кеңешинин №1 жана айыл өкмөтүнүн №22, Нариман айылдык кеңешинин №19/1 жана айыл өкмөтүнүн №19, Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин №1 жана айыл өкмөтүнүн №6, Мады айылдык кеңешинин №17/69 жана айыл өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-январындагы №28, Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынын 2011-жылдын 15-февралындагы №331, №332 токтомдору райондук кеңештин экономикалык өнүгүү маселелери, айыл чарбасы, агроөнөр жайы, жер, агрардык жана жаратылышты коргоо, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлк маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынын 2011-жылдын 15-февралындагы №331, №332 токтомдору менен кабыл алынган:
-Турак жай жана социалдык объектилерди куруу үчүн Кызыл-Кыштак айылдык округунун Сура-Таш участкасынын жакынкы жайыт жеринен 9,0 га, Кызыл-Байрак участкасынын жакынкы жайыт жеринен 30,0 га, жалпысы 39,0 га жерлерин;
-Турак жай жана социалдык объектилерди куруу үчүн Ачы массивинен:
1). Шарк айылдык округунун жакынкы жайыт жеринен 160,0 га, чөп чабынды жеринен 83,0 га, айыл чарба багытындагы жараксыз жерлеринен 39,0 га, жалпысы 282,0 га ;
2). Нариман айылдык округунун жакынкы жайыт жеринен 628,0 га, чөп чабынды жеринен 34,0 га, айыл чарба багытындагы ыңгайсыз жеринен 23,0 га, жалпысы 685,0 га;
3). Кашкар-Кыштак айылдык округунун жакынкы жайыт жеринен 210,0 га;
4). Мады айылдык округунун чөп чабынды жеринен 50,0 га;
-бардыгы болуп 1266,0 га жерлерин ажыратып берүү жөнүндө сунуштары бекитилсин.
2. Жогоруда белгиленген жерлердин ичинен атуулдарга үлүшкө берилген жер аянттарын тактоо, башка контурга которуу иштерин жүргүзүү, тиешелүү иш-кагаздарды даярдоо жагы Кызыл-Кыштак, Шарк, Нариман, Кашкар-Кыштак, Мады айыл өкмөттөрүнүн, Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчыларына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин экономикалык өнүгүү маселелери, айыл чарбасы, агроөнөр жайы, жер, агрардык жана жаратылышты коргоо, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлк маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу райондук кеңешинин терагасы
|
Б. Каратаев
|