Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011–жылдын 28-февралы №13/69
Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кара-Суу райондук агрардык өнүктүруүү башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маселе райондук кеңештин кезектеги сессиясында каралгандыгы тууралуу райондук кеңештин 2011-жылдын 25-февралындагы №01-12/26 маалым каты райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына билдирүү берилген, бирок ошого карабастан райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын К.Мамедов райондук кеңештин төрагасын эскертпей туруп, Бишкек шаарына кетип калып, райондук кеңештин сессиясына келбей койгондугун эске алып, анын ордуна күн тартибиндеги маселе боюнча райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Т.Усеневдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу райондук кеңештин депутаттарынын сунуштарынын негизинде депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы К.Мамедовдун жүргүзүп жаткан иштеринде кемчиликтер бар экендиги белгиленсин жана
К. Мамедовго катуу сөгүш берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Юсуповго сунуш кылынсын.
2. Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына:
-жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө айыл өкмөттөр менен биргеликте арык-каналдарды тазалоо, чаптыруу иштерин көзөмөлдөөнү күчөтүү;
-дан эгиндерин минералдык жер семирткичтери менен биринчи кошумча азыктандыруу боюнча айыл өкмөттөргө багыт берүү000 менен аларга ар тараптан колдоого алуу;
-райондун аймагында пахта эккен дыйкандарды пахта чигит үрөнүн камсыздоо айыл өкмөттөр менен биргеликте ар тараптан колго алуу;
-дыйкандарга жеңилдетип берилүүчү айыл чарба багытындагы кредиттерди дыйкандарга даректуу берилүүсүн катуу көзөмөлгө алуу;
-үрөнчүлүк чарбалардын максаттуу, толук камдуу иштөөсүн;
-айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү фонддордун жерлерин эффективдүү пайдаланышын көзөмөлдөө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук кеңештин экономикалык өнүгүү маселелери, айыл чарбасы, агроөнөр жайы, жер, агрардык жана жаратылышты коргоо, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлк маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Ташиев/ тапшырылсын.
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы
|
Б. Каратаев
|