Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011–жылдын 27-апрели №14/72
Кара-Суу райондук электр тармактарынын калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда, дебитордук карыздарды өндүрүүдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кара-Суу райондук электр тармактарынын калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда, дебитордук карыздарды өндүрүүдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ш.Ахмедовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, бул маселе райондук кеңештин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып, депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жетишээрлик эмес деп белгиленсин жана анын жетекчиси Ш.Ахмедовго сөгүш берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына (Б.Юсупов) сунуш кылынсын.
2. Абонеттердин электр энергиясынан дебитордук карыздарын жокко чыгарылган (списание) тизмелерин текшерүү үчүн каржы полициясына берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу райондук кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына (А.Каримов) тапшырылсын.
Кара-Суу райондук Кеңешинин төрагасы |
Б. Каратаев |