Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-апрели №14/73
Кара-Суу районунун райондук бюджетинин 2010-жылдагы аткарылышы жана 2011-жылга карата райондук бюджета жөнүндө
Кара-Суу районунун райондук бюджетинин 2010-жылдагы аткарылышын угуп жана 2011 жылга карата райондук бюджета «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга карата республикалык бюджети жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде, райондук мамлекеттик администрациясынын бюджет боюнча жана райондук Кеңештин социалдык-маданий маселелер, муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып депутаттардын Кара-Суу райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун райондук бюджетинин 2010-жылдагы кирешелер бөлүгү 46307,7 миң сом, чыгашалары 46112,6 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кара-Суу районунун 2011-жылга карата райондук бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү ушул токтомдун тиркемесине ылайык 43701,8 миң сом олчемунде бекитилсин.
3. Кара-Суу районунун 2011-жылдагы райондук бюджетинин чыгаша бөлүгү түшкөн кирешелердин чегинде жана биринчи кезекте чыгымдардын коргоого алынган статьяларына каржылануусу белгиленсин. Коргоого алынган статьялардын биринчи кезекте каржылануусунун жоопкерчилиги бюджеттик мекеме-уюмдарга жүктөлөт.
4. Райондук бюджеттик мекемелерге казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнүн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарды чыгымдоого тыюу салынсын. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча түшкөн бөлүгү толугу менен бюджеттик мекеменин каржылануусуна калаары аныкталсын.
5. Райондук ардагерлер кеңешине материалдык жардам иретинде райондук бюджеттин эсебинен 45,0 миң сом акча каражаты каралсын.
6. 2011-жылда райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук бөлмөнү кармоо, балдардын чыгармачылык борборун куруу райондук бюджеттин эсебинен билим берүү бөлүмүнө каралган акча кражаттардын чегинде жүргүзүлсүн жана курулушка жетпеген акча каражаттарды ички жана сырткы инвестицияларды, гранттарды тартуу боюнча иш-чараларды аткаруу райондук мамлекеттик администрациясына жана райондук билим берүү бөлүмүнө тапшырылсын.
7. 2011-жылдын 1-январына карата райондук бюджет боюнча кассада жүгүртүүчү нак акча 50,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Кара-Суу райондук мамлекетгик администрациясына жана райондук финансы бөлүмүнө жыл ичинде райондук бюджеттик мекемелердин чыгашалар сметаларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип туруу укугу берилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу райондук Кеңешинин бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы |
Б. Каратаев |