Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-апрели №14/74
«Каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндө» Жобонун долбоорун бекитүү жөнүндө
"Каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндө" Жобонун долбоорун карап чыгып, депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндө" Жобонун долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөттөрдүн, шаар башкармасынын башчыларына, айылдык, шаардык кеңештердин төрагаларына "Каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндө" Жобону өздөрүнүн аймактарындагы элдер менен талкуулап, шарттарына ылайык келтирип, жергиликтүү кеңештердин сессияларында бекитүү сунуш кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Айдаров) жүктөлсүн.
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы
|
Б. Каратаев
|
| Кара-Суу райондук кеңешинин 2011-жылдын 27-апрелиндеги кезектеги XIV сессиясынын №14/74 токтомуна тиркеме
|
_____________________айылдык округунун аимагында каада-салттарды, үрп адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндө Жобонун долбоору
1. Бул Жобонун максаты райондун коомдук жашоо турмушундагы ашыкча ыгым-чыгымдарды жоюу менен райондун жалпы элинин экономикалык- социалдык таламдарын коргоо үй-бүлөлүк жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү, жарандардын турмушундагы экономикалык-социалдык бекем пайдубалды, моралдык-нормативдик баалуулуктарды, адамдык үй-бүлөлүк, улуттук, элдик укуктарды камсыздоо, чыңдоо жана коомдук тартипти сактоо болуп саналат.
2. Бул Жобонун милдети элдин салттуу маданиягтын жана дүйнөлүк азыркы цивилизациянын жетишкендиктеринин негизинде улуттук каада-салттарды,
үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, этностук ырым-жырымдардь) жана коомдук салттарды тартипке келтирүү болуп саналат.
3. Бул Жобонун аракети бардык мамлекеттик органдарга. коомдук уюмдарга, мекемелерге. иш-каналарга ведомостволук баш ийгендигине, менчигинин түрүнө жана бардык жарандарга социалдык абалына, улуттук таандыгына карабастан жайылтылат.
1.__________ кеңеши коомдук-саясый бейөкмөт-диний уюмдардын жана жергиликтүү кеңештердин иши боюнча комитет түзүү менен ал аркылуу райондук, шаардык жана айылдык аймактарда кеңештер аркылуу дин иштерди, каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана салттарды тартипке келтирүү боюнча коомдук комитеттерди, туруктуу комиссияларды түзүү менен административдик аймактарда элдин суроо талабына жараша, менталитеттик-шартына ылайык бул Жобого тиешелүү кошумча укук-ченемдик актылардын иштелип чыгууну жетектейт, ырааташтырат жана аткаруусун көзөмөлгө алат.
1. Бул Жобонун турмушка ашыруу функциясы айылдык округунун башчысына жүктөлөт жана алар каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана салттарды тартипке келтирүү боюнча чектөө иш-чараларын киргизген айрым жерлердеги иш-тажрыйбаларды жайылтат жана өз аймагындагы эл арасында жергиликтүү коомдук, диний уюмдар, топтор, маалымат каражаттары аркылуу тиешелүү зарыл иш-чараларды өткөрөт.
2. Бул Жобону жүзөгө ашыруу ____________айылдык округунун алдында уюштурулуп, иштеп жаткан Дин иштери боюнча коомдук комитетке жүктөлөт. Дин иштери боюнча коомдук комитет боюнча Жобо______________айылдык Кеңеш тараптан бекитилет.
3. Каада-салттар, үрп-адаттар, ырым-жырымдар жана салтанаттар боюнча, Дин иштери боюнча коомдук комитеттин ыйгарымдуу укуктары:
а). ушул Жобонун жана башка ченемдик актылардын талаптарына ылайык каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана салтанаттарды тартипке келтирүүнү контролдоо;
б). каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана салтанаттарды, андагы ар бир тойдун, аземдин процедуранын түрүн үнөмдүү өткөрүү үчүн сунуштарды жана иш жүзүндө нускоолорду иштеп чыгуу;
в). каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча мамлекеттик органдар менен коомдук бирикмелердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана калк арасында агартуу жана үгүт иштерди уюштуруу;
1 .Мамлекеттик же муниципалдык кызматкер ишине турганына класстык чин, наам, мамлекеттик сыйлык, окумуштуулук илимий же кесиптик даража алгандыгына кесиптик күнгө байланышкан расмий кабыл алууларды туулган күн өткөрүү ниетинде мамлекеттик мекеме-уюмдарда банкеттерди, отуруштарды уюштурууга. спирттик ичимдиктерди ичүүгө мүмкүн эмес.
2. 0куу жайлардын, мектептердин, окуучулардын турмушунда мурда салтта эч болбоюн убаракерчиликтерге, мамлекеттик мыйзамдар менен каралбаган үй-бүлөлүк бюджетке терс таасир бере турган ысырапкерчиликтерге: туулган күн, классташтар олтурушу сыяктуу кечелерди уюштурууга, акча топтоп, белек алып берүүлөргө, ар кандай сүйүшкөндөр күнү сыяктуу менталитетке туура келбеген уяттуу жосунсуз жоругу бар юбилейлерди өткөрүүгө тыюу салынат.
З.Элдик салтта орду жок, кийинки кездерде жосунсуз жорук болуп ээн баштыктан келип чыккан жана элге тез жайылып жаткан: абысындар олтурушу, бажалар олтурушу, туугандар олтурушу, кемпирлер олтурушу, кудалар олтурушу, жаш келиндер олтурушу, классташтар олтурушу сыяктуу убаракерчиликти өткөрүу жосунсуз жорук катары саналат.
4. Мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери 50-60-65 жашка чыккандыгына байланыштуу юбилейлерди өткөрүүдө өзүнө баш ийген жетекчи-кызматкерлерди чакырууга жол берилбейт. Юбилейлер тууган-уругунун, жакын санаалаштарын чакыруу менен гана өткөрүлөт.
1. Туулган күндү белгилөө жеке адамдардын жеке ыктыяры менен өз үй-бүлөсүндө өткөрүлүүсү мумкун.
1. Нике кыюу аземин никеге туруу күбөлүгүн алгандан кийин, салтка ылайык эки жаштын ата-энеси, эки куда тараптардын өз ара макулдашуусунан кийин эки куда тараптын күбө өкүлдөрүнүн катышуусу менен гана өткөрүүгө уруксат берилет. Салтта, Кыргыз Республикасынын мыйзамында кызды зордоп ала качууга тыюу салынгандыктан, кыз менен анын ата-энесинин макулдугу жок учурда кызга нике кыюу аземдерин, нике тоюн өткөрүү тыюу салынат.
2. Нике кыюу тою өз ыктыяры менен бир күндүн ичинде, эки тараптын эсебинен 200 адамга чейинки «банкеттик кече» формасында же конок тозуу менен «салттуу той» формасынды өткөрүлөт. Ар кандай формада кайталап, ысырап кылып той өткөрүүгө тыюу салынат, бир формадагы той өткөрүү маселеси эки куда тараптын биргеликте макулдашуусу менен чечилүүгө тийиш.
3. Кудалашуудан баштап нике кыюу тоюна байланышкан баардык иш-чараларда (салтанаттарда) эки тараптын туугандарына, конокторуна сый кийимдерди берүү ашыкча чыгым катары эсептелинет. Кыз-жигитке жана алардын ата-энелерине гана белек-бечкек, сый кийимдерди берүүге болот.
4. Тойдон кийинки салттык отко кирүү, кыз көрдү, төркүлөтүү сыяктуу кечелер өз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлөсүнүн арасында 15тен ашпаган адамдардын каташуусунда өткөрүлөт.
5. Кыз узатууда 10-15 ген ашык түрдүү кийим-кече, кийин куйөө баласын 40 күн багуу, ар майрамда куйөө бaлaга баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.
6. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында (ЗАГС) никени мамлекеттик каттоого алуу церемониясы 3 жеңил автомашинадан ашпаган" транспорт каражаттарын колдонуу менен өткөрүлөт. Никеге туруу күбөлүгүн той каналарда тапшырууга тыюу салынат.
1. Сөөк коюуда маркум менен коштошууга, азага келүүчүлөрдүн, жаназа окууга катышуучулардын саны чектелбейт.
2. Сөөк коюуда маркумдар үчүн айылдык, аймактык мүрзө болуучу жер аянттарды күн мурунтан аныктоо, жарандарды салыксыз, акысыз кабырлык жайлар, жер аянттары менен тоскоолсуз камсыздоо жергиликтүү бийлик органдарына милдеттендирилет.
3. Сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырымы болуп жаткан 3 күн ичинде ири бодо мал, жылкы союуга тыюу салынат. Аза жайда союш союп, сый дасторкондорду салып, тамактанууга уруксат эмес. Коңшу үйдө майда жандыктан эки кой кайыр-садага катары союп, анын шорпо эти менен алыстан келгендерди, азада кызмат кылгандарды, жакыр муктаждарды тамактандырууга, тоюндурууга уруксат берилет.
4. Сөөк коюу жана аза күтүү учурунда спирттик ичимдик куюуга, мас абалда келүүгө тыюу салынат.
5. Сөөк коюу жана аза күтүүдө келгендерди конок кылып сыйлоого, ошондой эле жай казгандардан, сөөк жуугандардан башкаларга акча, же буюмдардан берүүгө жана ырымдап сандык ачууга, көк кийди, ак кийди, тон жапты, жыртыш сыяктуу ырым-жырымдар салтта жок жосунсуз жорук катары эсептелинет.
6. Аза күткөн, кайгыга кабылган, жакырланган жетим-жесир абалдагы муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иштерин уюштурууга, акча каражат, азык-оокат жагынан жардамдарды берүүгө уруксат кылынат.
7. Сөөк коюудан кийинки болуучу үчтүк, жетилик, бейшембилик, кырктык деген маркумду эскерүү ырым-жырымдарды тамак-аш берүүсүз, маркумга куран окуп, бата кылуу формасында өткөрүлөт. Себет жана чай ичирүү үчүн кой алып барып, өздөрү союп жегенге тыюу салынат. Кырктыкка, жылдыкка чакыруу кагазында «бизде себет жок» деп жазууга уруксат берилет.
8. Элдик каада-салтта маркумдун мүрзө жайын бекитүүдө кабыр жай үстүн цементтеп, бышкан кыш, мрамор таш менен курулуштарды салып, айкел-сүрөт чегилген эстеликтерди коюуну күнөө-ысыраптуу амал катары тыюу салынгандыктан, маркумдун мүрзөлөрүн жыгачтан же темирден торлоп жасалган кашалар менен гана бекитүүгө жана тосмого уруксат берилет.
9. Өткөргөн өмүр тагдырына ыраазы болуп, өз жан рухуна атап, элге аш-түлөө берүү тарыхый ата-салт боюнча адамдардын шартына жараша өткөрүлөт.
10. Элдик каада-салтка ылайык жарандарды өз жан-рухунун акыретине арнап, ез кайрымдуулук каражаты эсебинен: мектеп, оорукана, балдар үйүн, мечит. медресе, көпүрө, жат куруу, ичүүчү суу, канал, трансформатордук подстациялар маселелери сыяктуу иштерди мамлекеттик мыйзамдар чегинде аткарууга кеңири жол-укуктар берилет.
1. Зыяратчыларды узатуу жана тосуп алуу боюнча иш-чаралар үй-бүлөдө өткөрүлөт. Зыяратка (ажылыкка) барып келгендигине байланыштуу 1 кой же 1 эчки союу менен конокторун чакырууга болот.
1. Тойлордо жана салтанаттуу иш-чараларда алып баруучулардын, артистердин кызматы келишимдик негизинде жүргүзүлөт. Каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана салтанаттарды өткөрүүдө ашкана-жайлардын администрациясы ушул мыйзамдагы белгиленген коноктук ченемдерди сактоого милдеттүү. Тойлор, салтанаттар, ырым-жырымдар дем алыш күндөрү саат 10-00 ден 23-00ге чейинки, ал эми иш күндөрү болсо саат 18-00 ден 23-00 ге чейинки мезгилде 4 сааттан ашпаган убакыт ичинде өткөрүлөт. Кээ бир улуттарда кабыл алынган салт боюнча той, салтанаттуу ырым-жырымдарды өткөрүүгө саат 7-00 ден 10-00 ге чейин уруксат берилет.