Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-сентябры № 16/80
Кара-Суу районунун Савай айылдык округунун аймагындагы жерлердин алдынан суу чыгып, саздакка айланып жаткан айылдардын абалын кароо жөнүндө
Савай айылдык кеңешинин XIII сессиясынын 2011-жылдын 2-июнундагы №13/14 токтомунун негизинде Савай айылдык округунун аймагындагы жерлердин алдынан суу чыгып, саздак жерге айланып жаткан айылдардын абалын ондоо максатында депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айылдык округунун аймагындагы жерлердин алдынан чыккан суунун көлөмү жылдан жылга көбөйүп, деңгээли көтөрүлүп, элдердин жашоосуна кыйынчылык жаратып жана 750 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер аянты жараксыз жерге айланып жаткандыгынан. апы алдын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилген 20,0 млн сом акча каражаты максаттуу пайдалануу жагы колдоого алынсын.
2. Савай айылдык округунун аймагындагы саздак жерлерге айланып бараткан айыл чарба багытындагы жер аянттарынын абалын оңдоо үчүн Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинен өндүрүмдүүлүгү жогору тургап атайын (спец.) техникаларды 1 даана каз тамандуу (гусеничный) жана 1 даана дөңгөлөктүү трактор бөлүп берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук кеңештин экономикалык өнүгүү маселелер, айыл чарбасы, агроөнөр жайы, жер, агрардык жана жаратылышты коргоо. жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлк маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Ташиев) жүктөлсүн.
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы |
Б.Каратаев
|