Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-сентябры №16/83
"Кара-Суу районунун Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө
"Кара-Суу районунун Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу боюнча Жобону долбоорун карап жана талкуулап, депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кара-Суу районунун Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу боюнча Жобо бекитилсин /тиркелет/.
2. "Кара-Суу районунун Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу боюнча тиешелуу иш-кагаздарды даярдоо райондук кенештин аппаратына тапшырылсын.
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы |
Б.Каратаев |
| 2011-жылдын 14-сентябрындагы Депутаттрадын Кара-Суу райондук кеңешинин кезектеги XVI сессиясынын №16/83 токтомуна тиркеме |
«Кара-Суу районунун Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча ЖОБО
«Кара-Суу районунун Ардактуу атуулу» жөнүндөгү жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын, «Жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну уюштуруунун негиздери», «Жергиликтүү коомдоштуктардын «Айыл Мыйзамы» жөнүндө» жоболордун негизинде түзүлдү.
«Кара-Суу районунун Ардактуу атуулу» наамына ушул жобонун талаптарына жооп берген жаран талапкер боло алат.
«Кара-Суу районунун Ардактуу атуулу» наамын алган жаран бирдей үлгүдөгү мамлекеттик тилде толтурулган күбөлүк тапшырылат.
«Кара-Суу районунун Ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгон жаран райондун «Ардак китебине» жазылат.
2.1. Жергиликтүү жамааттын Айыл мыйзамынын талаптарынан келип чыгуучу милдеттерди аткаруу.
2.2. Райондун экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө өзгөчө салымдарды кошуу.
2.3. Райондун аймагында аткарылуучу кайрымдуулук акцияларына активдүү катышуу.
2.4. Кыргыз Республикасынын Президента тарабынан кабыл алынган Улуттук Программаларды турмушка ашырууда өз салымын кошуу.
2.5. Жергиликтүү жамааттын элдик жыйындарында демилгелер менен чыгуусу.
2.6. Райондун аймагында аткарылуучу иш-чараларга активдүү катышуусу.
2.7. Жергиликтүү жамааттардын мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштерине активдүү катышуусу.
2.8. Ар турдуу кооптуу кырдаалдарда улуттар аралык достукту ынтымакчылыкты чыцдоодо, саясий стабилдуулукту сактоодо патриоттулукту керсетуусу
2.9. Жамааттын арасында улгулуу, журум-туруму, уй-булесунде ынтымактын, балдар тарбиясынын башкаларга улгу болуусу.
2.10.Короо жайын, уйунун алдындагы кеченун тазалыгы, көрктөндүрүүсүнүн башкаларга үлгү болоорлук абалда болуусу.
2.11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине активдүү катышуусу.
2.12. «Кара-Суу районунун Ардактуу атуулу» наамына Кыргыз Республикасына, Ош областына жана районго сиңирген өзгөчө кызматтары үчүн ыйгарылышы мүмкүн.
«Кара-Суу районунун Ардактуу атуулу» наамына талапкер айылдык, шаардык кеңештер жана райондук кеңештин депутаттары, райондук мамлекеттик администрация, райондук мекеме-ишканалар, айыл өкмөттөр, шаар башкармасы тарабынан депутаттардын райондук кеңешине сунуш кылынат.
«Кара-Суу районунун Ардактуу атуулу» наамына сунуш кылынган талапкерге көрсөтмө берүү боюнча райондук кеңештин атайын комиссиясы түзүлөт, ал комиссияда каралат, анын көрсөтмөсү менен райондук кеңештин төрагасынын буйругу (же токтому) кабыл алынат.
«Кара-Суу районунун Ардактуу атуулу» наамын райондук салтанаттуу жыйындарда, майрамдарда Кара-Суу райондук кеңештин төрагасы тарабынан ыйгарылат.
Кара-Суу райондук кеңешинин жооптуу катчысы
|
Б. Калматов
|