Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
2011-жылдын 23-ноябры №17/84
Кара-Суу райондук кеңешинин 2010-жыл 16-декабрдагы 11-сессиясынында №11/57 токтому менен бекитилген Кара-Суу базарын тартипке келтирүү боюнча райондук комиссиянын жүргүзгөн иштери жана Савай, Сарай айылдык округдарынын аймагында жайгашкан базарларда патент салыгын төлөө боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын көрүлгөн чаралары жөнүндө
Кара-Суу базарын тартипке келтирүү боюнча райондук комиссиянын жүргүзгөн иштери жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары С.Жолдошевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, райондук кеңештин депутаттарынын сын-сунуштарын эске алып депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу райондук кеңешинин 2010-жыл 16-декабрдагы 11-сессиясынында №11/57 токтому менен бекитилген Кара-Суу базарын тартипке келтирүү боюнча райондук комиссиянын жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык эмес деп белгиленсин.
2. Кара-Суу базарын тартипке келтирүү боюнча тиркемеге ылайык иш-чара бекитилсин. Иш-чарада коюлган милдеттер 2011-жылдын 20-декабрына чейин тийиштүү райондук мекеме-ишканалар тарабынан аткарылбай калган учурда, алардын ээлеген кызмат орундарын кароо жагы райондук кеңештин кезектеги сессиясына сунуш кылынсын.
3. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Юсуповго:
- бекитилген иш-чаранын аткарылышын камсыз кылуу;
- Кара-Суу базарын тартипке келтирүү боюнча райондук комиссиянын ишин жандандыруу, кечиктирилгис чараларды көрүү, аткарылган иштер боюнча райондук кеңештин сессияларында маалымат берип туруу милдеттендирилсин.
4. Кара-Суу райондук прокуратурасына (К.Абдирашитов) базарды тартипке келтирүү боюнча комиссиясынын ишине көмөк көрсөтүү тапшырылсын.
5. Төмөндөгү райондук мекеме-ишканалардын жетекчилерине:
- Кара-Суу базарынын ичиндеги кичи базарлардын, "Туратали" базарынын (менчигинин туруне карабастан) жетекчилерине базардагы таштандыларды, акыр-чикирлерди чыгарууну уюштуруу иштерин туруктуу алып баруу, базардын ички жана айланасындагы жолдорун ремонттоо, соодагерлер үчүн шарттарды түзүү, топтолгон суулар агып кетүүчү арыктарды, лотокторду тазалоо, иретке келтирүү, туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу иштерин жүргүзүү;
- Сарай айыл өкмөтүнө (А.Баатыр) жалпы Кара-Суу базар комплексинен таштандыларын алып чыгуу, таштандыларды атайын бөлүнгөн жерге алып барып төгүү иштерин жүргүзүү үчүн атайын коммуналдык чарба уюштуруу, базар жетекчилери менен келишимдерди түзүү, таштандыларды, акыр-чикирлерди тазалоо үчүн алынуучу салыкты топтоо;
- Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө (Ж.Жоробаев), жол коопсуздук кыймылынын бөлүмчөсүнө (М.Шадманов) базардын айланасында жол коопсуздук эрежелерин сактоо, баш-аламан жайгашкан автоунаа токтоочу жайларды тартипке келтирүү, борбордук жолдо автоунаалардын жыштыгынан пайда болгон тартипсиздикти жоюу боюнча туруктуу иш-чараларды жүргүзүү, керек болгон учурда кошумча күчтөрдү тартуу менен иретке келтирүү;
- Кара-Суу райондук салык кызматына (Р.Марифов) Кара-Суу базарынан патенттердин төлөмдөрү толук өндүрүлбөгөндүгү, бир патентти бир нече ишкер-соодагерлер айландырып иштеткендиги аныкталгандыктан, бул кемчиликтерди жоюу максатында патенттерди соодагерлердин сүрөттөрүн жабыштыруу менен берүү, Кара-Суу базарындагы соодагерлерден, кытай жарандарынан алынуучу төлөмдөрдүн түрлөрүнүн туруктуу төлөнүүсүн камсыз кылуу, ушул эле багыттагы иштерди Савай, Сарай, Кара-Суу шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта иш алып баруу;
- Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармасына (К.Жутанов), райондук мамкаттоо башкармасына (М.Раимбердиев) Кара-Суу базарынын айланасында кара-Суу базарынын генералдык планынын сакталышын камсыз кылуу, контейнерлерди, соода жайларды, курулуштардын мыйзамсыз курулушуна жол бербөө;
- Кара-Суу райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна (Т.Разыкова) базардын ичиндеги, сыртындагы санитардык абалын толук көзөмөлдөө, жугуштуу оорулардын чыгып кетпөөсү үчүн санитардык профилактикалык иштерди жүргүзүү, бул багытта системалык иш-чараларды алып баруу;
- Кара-Суу райондук өрт коопсуздук бөлүмүнө (Т.Кудайбердиев) базарда өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын иш-чараларды иштеп чыгуу алардын аткарылышын камсыз кылуу, бардык контейнерлерде, соода сатык жүргүзүүчү түйүндөрдө, жайларда, жүк сактоочу жайларда өрт өчүрүүчү каражаттарды койдуруу, базардын ичиндеги ички жолдорду, контейнерлердин арасындагы жолдорду (проход) өрт өчүрүүчү техника жүрүү үчүн ачуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү;
- Айлана чөйрөнү коргоо боюнча Кара-Суу райондор аралык инспекциясынын башкы инспекторуна (А.Исмаилов) базардын айланасында курчап турган чөйрөнү коргоо багытында талапка ылайык чаралардын сакталышын туруктуу көзөмөлдөө, конкреттүү иштерди алып баруу милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук кеңештин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына (А.Каримов) тапшырылсын.
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы |
Б Каратаев |