Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-ноябры №17/85
Кара-Суу райондук суу чарба башкармасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кара-Суу райондук суу чарба башкармасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө райондук суу чарба башкармасынын башчысы Ж.Акжолованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, райондук кеңештин экономикалык өнүгүү маселелер, айыл-чарба, агроөнөр жайы, жаратылышты коргоо, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде жана депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарын эске алып, депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу райондук суу чарба башкармасынын суу пайдалануучулардан суу акысын өндүрүүдө системалуу иш жүргүзбөгөндүгүн, "Южный" каналынан 2011-жылдын апрель-май айларында сугат сууну берүүдө үзгүлтүккө учураткандыгын эске алып, 2011-жылда жүргүзгөн иштери жетишсиз деп белгиленсин.
2. Кара-Суу райондук суу чарба башкармасынын башчысы Ж.Акжоловага "Южный" каналынын ремонт иштерин толугу менен бүткөрүп, 2012-жылдын 15-мартынан баштап тиешелүү айылдык округдардагы сугат жерлерди үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Кара-Суу райондук суу чарба башкармасына, райондун аймагындагы Куршаб-Сай суу участкасына, "Араван-Ак-Буура" канал башкармалыгына, "Ак-Суу", "Увам" суу пайдалануучулар ассоциациялардын бирикмелерине дыйкандарга берилген сугат суунун акысын толук жана туруктуу өндүрүү, сугат жерлерди вегетация убагында сугат суу менен камсыздоо боюнча конкреттүү иш-чараларды иштеп чыгуу, айылдык округдар, суу пайдалануучулар ассоциациялары менен келишимдерди түзүү, чарба аралык каналдардын, насостук станциялардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу 2012-жылдын 15-мартынан кечиктирбей дыйкандарга сугат сууну жеткирип берүү милдеттендирилсин.
4. Айыл өкмөттөрдүн башчыларына, суу пайдалануучулар ассоциациялардын жетекчилерине сугат сууну рационалдуу пайдалануу, сугат суудан болгон дебитордук карыздарды кыскартуу жана бул боюнча дыйкандардын арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу жагы жүктөлсүн.
5. Кара-Суу райондук суу чарба башкармасынын башчысы Ж.Акжоловага Мады айылдык округунун Аккатын участкасындагы, Жоош айылдык округунун Маданият айылындагы Кыргызстан пахтачылык тажрыйба станциясына караштуу 50 га сугат жерлерге талап кылынган агромөөнөткө тиешелүү айыл өкмөттөрдүн башчылары менен сугат сууну жеткирүү тапшырылсын.
6. Айылдык кеңештердин төрагаларына суу пайдалануучулар ассоциациялардын сугат суу менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштерин көзөмөлдөө максатында алардын билдирүүлөрүн угуу, айылдык округдардын аймактарындагы ички чарбалык каналдарды тазалоо, ондоп түзөтүү иштерине жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү маселелерин айылдык кеңештин сессияларында кароо жагы сунуш кылынсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук кеңештин экономикалык өнүгүү маселелер, айыл-чарба агроөнөр жайы, жаратылышты коргоо, жерге кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча туруктуу комиссиясына (А.Ташиев) тапшырылсын.
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы |
Б.Каратаев
|