Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-ноябры №17/88
2011-жылдын 9 айдын жыйынтыгы боюнча райондук бюджеттин киреше бөлүгүнүн топтолушу, чыгаша бөлүгүнүн сарпталышы тууралуу райондук каржы бөлүмүнүн башчысы А.Сасыкбаевдин билдирүүсү жөнүндө
2011-жылдын 9 айдын жыйынтыгы боюнча райондук бюджеттин киреше бөлүгүнүн топтолушу, чыгаша бөлүгүнүн сарпталышы жана максаттуу пайдаланылышы тууралуу райондук каржы бөлүмүнүн башчысы А.Сасыкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, анда айтылган депутаттардын сын-сунуштарын эске алып депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 9 айдын жыйынтыгы боюнча райондук бюджеттин киреше бөлүгүнүн топтолушу, чыгаша бөлүгүнүн сарпталышы тууралуу райондук каржы бөлүмүнүн башчысы А.Сасыкбаевдин билдирүүсү жана аткарган иштери канааттандыраарлык эмес деп эсептелсин.
2. 2011-жылга райондук бюджетинде Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн балдардын чыгармачылык борборунун курулушунун каржылоосуна каралаган акча каражаттары негизсиз сунушталгандыгы аныкталып, райондук бюджеттин чыгаша бөлүгү ысырапка учурагандыгы белгиленсин жана ал борбордун курулушуна 3,600 миң сомдун туура чыгымдалгандыгын текшерүү боюнча Кара-Суу райондук кеңештин депутаттарынан жана тийиштүү адистерден комиссия түзүлсүн.
3. Текшерүүнүн жыйынтыгы чыкканга чейин балдардын чыгармачылык борборуна акча каражатын бөлүүнү токтотуу жагы Кара-Суу райондук каржы жана казына бөлүмдөрүнө (А.Сасыкбаев, С.Патышева) жүктөлсүн.
4. Кара-Суу райондук кеңешине 2011-жылдын 9 айдын ичинде акча каражатын сурап, кат жүзүндөгү райондун аймагындагы мекеме-ишканалардын кайрылуулары, жарандардын арыздары райондук каржы бөлүмүнүн башчысы А.Сасыкбаевге даректелгенден кийин, аларга жооп бербей көңүл коштук мамиле кылгандыгы белгиленсин.
5. Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин 2010-жылдын 16-декабрындагы кезектеги XI сессиясынын №11/60 токтомун аткарбагандыгына байланыштуу, Кара-Суу райондук кеңештин депутаттары тарабынан 2011-жылдын 15-ноябрында түзүлгөн актысынын жана жогоруда белгиленген кемчиликтердин негизинде, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктунун 18-абзацына ылайык өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кара-Суу райондук каржы бөлүмүнүн башчысы А.Сасыкбаев кызмат ордунан четтетилсин жана бул маселе Кыргыз Республикасынын каржы министрине сунуш кылынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу райондук кеңешинин социалдык-маданий маселелер, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана каржы маселелери, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы |
Б. Каратаев
|