Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-январы № 20/95
Кара-Суу районунун Шарк, Нариман айылдык округдарынын Ачы массивиндеги жеке менчик турак жай салуу жана социалдык объектилеринин курулушун куруу үчүн иштелип чыккан башкы планды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18 ст. 3-пунктуна ылайык, «Ош проектстрой» ЖЧК-му тарабынан иштелип чыккан башкы пландын (генплан) негизинде Кара-Суу районунун Шарк айылдык округунун жарандарынын социалдык турак жай маселесин чечүү максатында жана райондук кеңештин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып, депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун Ачы массивиндеги жеке менчик турак жай салуу жана социалдык объектилеринин курулушун куруу үчүн Шарк айылдык округунан 339 га, Нариман айылдык округунан 381 га, жалпысы 720 га жер аянтына иштелип чыккан башкы план бекитилсин,
2. Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына (К.Жутанов) жер аянттарын ажыратып берүү, курулуш куруу үчүн керектелүүчү иш-кагаздарын бекитилип берилген башкы пландын негизинде даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кара-Суу райондук Мамлекеттик каттоо башкармалыгына (А.Үсөнов) Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- жана 15-статьяларына ылайык жерлердин тактоо документтерине өзгөртүү киргизүү жагы жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук кеңештин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына /А.Каримов/ тапшырылсын
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы |
Б.Каратаев
|