Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 6-февралы №22/97
Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимди дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамдын 14-беренесинин 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесинин 5,5-пунктунун райондук кеңештин регламентинин талаптарына ылайык жана эсептөө комиссиясынын №3 протоколунун негизинде депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун акиминин талапкерлерине жашыруун добуш берүүнү өткөрүү боюнча эсептее комиссиянын № 3 протоколу бекитилсин.
2. Матраимов Тилекбек Исмаиловичке Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими кызмат ордуна дайындоо боюнча макулдук берилсин.
3. Т.Матраимовду Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими кызмат ордуна дайындоо боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри О.Т.Бабановго сунушталсын.
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасынын орун басары |
Р. Тажибаев
|