Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын 27 заседаниеси
2015-жылдын 10-февралы № 27/8
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №18 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин айланасын темир тосмо менен тосуу үчүн Үлүштүк(дем берүүчү)гранттардын эсебинен ишке ашыруу үчүн сунуш кылыган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 3-чакырылышынын 27-заседаниеси Кыргыз-Республиксынын Улүштүк(дем берүүчү)гранттардын эсебинен Коңур-Дөбө айыо өкмөтүнө караштуу Кара-Шоро айылындагы №18 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин айланасын темир тосмо менен тосуу үчүн жазылган долбоорду карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №18 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин айланасын темир тосмо менен тосуу үчүн Үлүштүк(дем берүүчү)гранттардын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымды 10 пайызык 119927 сомду түзөт анын 5%,59964 сомдук өздүк салымды эл жумушчу күчү менен камсыз кылат жана 5%,59963сом Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жээнбековго милдеттендирилсин.
Коңур-Дөбө айылдык кеӊешинин төрагасы: |
Т. Бегматов |