Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-марты №21/3
2012-жылга жер салыгы жана мүлк салыктары жөнүндө
Кыргыз Респуликасынын 17-октябрь 2010-жылдагы №231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району башкармалыгынын 2012-жылдын 10-январындагы чыг.№10/27 катын карап чыгып, талкуулап, депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып
Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Респуликасынын 17-октябрь 2010-жылдагы №231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде, Кара-Суу шаарынын аймагында 2012-жылга жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2 жана 3 топтогу салыктары киргизилсин жана өндүрүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.Ю.Алиев |