Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын 28 заседаниеси
2015-жылдын 2-апрели № 29/1
Алай районунун Коңур-Дөбө айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын № 182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган салык кодексинин 337 - статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргизилип, айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 1,5 эсеге чейин көбөйтүүгө башкача айтканда чеп чабынды жердин азыркы базалык ставкасы 1гажерге 13.85 сом төлөнсө аны 1,5 эсеге көбөйтүү боюнча элдин пикирин, сунуштарын эске алып, айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын жана салык кызматкери Ш.Сапановдун билдирүүсүн угуп, талкуулоонун негизинде
Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 2016-жылдын 1-январынан баштап, 1,5 эсеге көбөйтүлсүн.
2. Коңур-Дөбө айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 1,5 эсеге көбөйгөндүгү тууралуу жергиликтүү жамааттарга жана элге толук жеткирүү жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
3. Коңур-Дөбө айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставйасы кетерулген баада салык жыйымдарын топтоо салык кызматкери Ш.Сапановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жээнбековго тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеӊешинин төрагасы: |
Т. Бегматов |